Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайланды
2020-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында Канатбек Исаев Парламенттин жаңы Төрагасы болуп шайланды.
2020-жылдын 14-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жана ал сунуштаган Өкмөттүн программасын, курамын жана түзүмүн бекитишти.
Ошол эле күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.