Президенттин м. а. Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты

3849

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты

«Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK