Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушуусу

3391

Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев Стамбул шаарынын мэрин Ош шаарында 1997-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы туугандашуу мамилелери жөнүндө Протоколдун пункттарын ишке ашыруунун алкагында Ош шаары менен эки тараптуу туугандык мамилелерди активдүү илгерилетүүгө чакырды.

Муну менен катар Р.Казакбаев Стамбулдун мэрине Ош шаарынын мэринин кайрылуусун тапшырды.

Тараптар эки шаардын муниципалитеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, анын ичинде жакынкы аралыкта делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү пикирге келишти.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ушундан улам, кыргыз тарап эпидемиянын кесепеттерин жоюуга жардам бергендиги үчүн түрк тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK