2019-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар Кеңешинe караштуу Кыргыз-түрк ишкердик Кеңешинин (DEİK) Тѳрагасы Ахмет Кая жана Кеңештин мүчѳлѳрү менен жолугушуусу болуп ѳттү.

6901

2019-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар Кеңешинe караштуу Кыргыз-түрк ишкердик Кеңешинин (DEİK) Тѳрагасы Ахмет Кая жана Кеңештин мүчѳлѳрү менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Элчи К.Омуралиев Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар Кеңешинe караштуу Кыргыз-түрк ишкердик Кеңеши (DEİK) эки боордош ѳкѳлѳрдүн ишкерлеринин байланыштарын жогорулатууга жардам берип, эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштарын бекемдетүүгѳ түрткү бере турган Кыргыз Республикасынын инвестициялык долбоорлорунда активдүү катышуусуна чакырды.

Ишкердикти жүргүзүүгѳ региондогу өлкөлөрдүн арасында либералдык укуктук база жана шарттар Кыргызстанда абдан жакшы экендигин К.Омуралиев маалымдады. Элчи Борбордук Азиядагы ѳлкѳлѳрдүн ичинен эӊ тѳмѳнкү салыктар жана ишкердикти жүргүзүүдѳ каржылоо: арзан энергия, жумушчу күч ж.б. экендигин белгиледи.

Элчи кыргыз инвестициялык долбоорлорду түрк ишкерлерине көрсөтүп, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар Кеңешинe караштуу Кыргыз-түрк ишкердик Кеңешинин (DEİK) мүчѳлѳрүн Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Агенттиги тарабынан 2019-жылдын август айында уюштурула турган Бизнес-форумга чакырды.

Ошол эле күнү Элчи К.Омуралиевдин ‘Түрк аба жолдору’ Башкаруу Кеңешинин Президенти Илькер Айджи менен жолугушуусу болуп ѳттү. Жолугушууда тараптар Стамбул-Ош-Стамбул авиакаттамын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты жана каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын акысыз жеткирүү боюнча макулдашууга келишти.

 

Маалымат катары: Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар Кеңеши (DEİK) мамлекет тарабынан 1986-жылы түзүлгѳн. DEİK ишкерлердин, анын ичинде Түркиянын алдыӊы бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн жана Түркиянын жеке секторунун тышкы экономикалык өз ара мамилелерин жөнгө салып, Түркиянын экспортун кѳбѳйтүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳт.

DEİKтин алкагында 138 ѳлкѳдѳн иш кеӊештер, анын ичинде 1991-жылдын 25-декабрында түзүлгѳн Евразиянын кеӊешинин алдындагы Кыргыз-Түрк иш кеӊеши түзүлгѳн. Иш кеӊешинин, анын ичинде Кыргыз-Түрк иш кеӊешинин мүчѳсү болуп каалаган фирма боло алат. Иш кеӊешинин Тѳрагасы аталган кеӊештин мүчѳлѳрүнүн ичинен 2 жылга шайланат. Түрк тарабынын Тѳрагасы Ахмет Кая.

 

 

  • 2019-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар Кеңешинe караштуу Кыргыз-түрк ишкердик Кеңешинин (DEİK) Тѳрагасы Ахмет Кая жана Кеңештин мүчѳлѳрү менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK