Саясий кызматташтык

Кыргыз-Япон эки тараптуу мамилелери

Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. 2003-жылдын январында Япониянын Бишкек шаарындагы Элчилиги, ал эми 2004-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиликтери ачылган.

Маалымат катары: КР Президенти - 5 жолу (1993, 1998, 2004, 2007, 2013-жж.), Премьер-министри - 6 жолу (1992, 1994, 1996 – (октябрь, ноябрьда), 2000, 2001-жж.), Тышкы иштер министри - 7 жолу (2001, 2002, 2004, 2006, 2012, 2013, 2017-жж.), ЖК Төрагасы - 1 жолу (2014-ж.), парламенттик делегациялары - 1 жолу (2012-ж.) Японияга сапар жасашкан. Ал эми, Япониянын Премьер-министри Кыргызстанга – 1 жолу (2015-ж.), Тышкы иштер министри - 3 жолу (1992, 2004, 2014-жж.), парламенттик делегациялары - 4 жолу (1997, 2005, 2010, 2011-жж.) сапар менен Кыргызстанга келип кетишкен.

Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасынын (2013-ж.) жана Япониянын (2015-ж.) мамлекет башчыларынын бири бирине жасаган сапарлары эки тараптуу мамилелерди өнөктөштүктүн жаӊы деӊгээлине алып чыгууга негиз түздү.

Эӊ жогорку деӊгээлдеги жолугушуулар өткөн соӊ, аларды улай 2017-жылдын мартында өткөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Японияга иш-сапары кыргыз-япон мамилелеринин күн тартибиндеги маанилүү этап болду.

Кыргыз Республикасы менен Япониянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу эки мамлекеттин, өнөктөштүктүн деӊгээлин көтөрүүнү көздөп, бири бирине дагы да жакындашууга умтулуусун тастыктады. Сапардын жүрүшүндө 46 миллион АКШ долларын түзгөн төмөнкү эки гранттык келишимге кол коюлду: «Бишкек-Ош жолундагы көчкүлөрдөн коргоо», «Япон тарабынан тартууланган жол куруучу техниканы тейлөөчү жайларды жакшыртуу».

Кыргызстандын парламенттик демократияны куруудагы, саясий укуктарды жана эркиндиктерди сактоодогу аймактагы лидерлигин таануу менен, япон тарабы парламентарийлер жана КР Жогорку Кеӊешинин кызматкерлери менен сапар алмашуу, окутуучу курстарды уюштуруу, алдыӊкы япон партияларынын тажрыйбасын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн изилдөөнү көздөгөн, парламенттер аралык кызматташтыкты колдойт.

2018-жылдын 21-июнунда Токио шаарында кыргыз тарабынын демилгеси менен, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, аларды чогуу ишке ашырууну улантууга тараптардын ниетин тастыктоого мүмкүнчүлүк берген ТИМдер аралык консультациялар өттү.

Парламенттер аралык кызматташтык

Кыргызстандын парламенттик башкаруу системасына өткөнүнө байланыштуу Япониянын парламентаризминин тажрыйбасы өзгөчө баалуулукка ээ. Эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын жандануусу, Кыргызстан менен Япониянын кызматташуусунун тереӊдөөсү жана Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн олуттуу саясий мааниге ээ.

Маалымат катары: япон тарабы 2015-жылдын 20-майында, 2015-2017-жж. шайлоо циклында шайлоочуларды каттоо процессин жакшыртуу жана өздүгүн тактоо үчүн КР МКК жана БШКсын заманбап электрондук жабдуулар менен камсыз кылууга багытталган техникалык жардам көрсөткөн. Бул жардам акыйкат жана таза шайлоолорду өткөрүүнүн негизги шарты болуп калды. Анын жалпы суммасы - 6,1 млн. АКШ долларын түзгөн.