Дипмиссиянын Башчысы жөнүндө

Мадмаров Азизбек Маматович 2005-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматында иштейт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  Департаментинин  директору,  Ɵзгөчө тапшырмалар боюнча элчи-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн кырдаалдык-аналитикалык секторунун башчысы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары кызматтарын ээлеген.

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгында Кыргыз Республикасынын өкүлү жана Өзбекстан Республикасында  Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси катары эмгектенген.

25-жылдын 2022-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси.