Кыргызстан тууралуу

Мамлекет Борбордук Азиянын  түндүк-чыгышында. Түштүк-батыш жагында Памир-Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань жагында. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет.

Эгемендүүлүктүн датасы 1991-жылдын 31-августунда (СССРден)

Тилдери — кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий.

Кыргыз Республикасынын Президенти — ЖАПАРОВ Садыр Нургожоевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы —МАМЫТОВ Талант Турдумаматович

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси  — ЖАПАРОВ Акылбек Усенбекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы — БАКИРОВА Нургуль Жакыповна 

Валютасы— кыргыз сому (KGS, код 417)

Интернет-домени -.kg

Телефондук коду — +996

Саат поясы — UTC +6

Аянты 199,9 миң. км2 (5,8% — токойлор, 4,4% — суулар, 53,3% — айыл чарба жерлери, 36,5% — башка жерлер). 90% жакын аянты деңиздин деңгээлинен 1500 м өйдө жайгашкан.

Борбору — Бишкек (860,7 миң адам).

Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).

Кыргызстан 9 администрациялык аймактан турат — Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу, Баткен облусу, Ош шаары жана Бишкек шаары. Облустук борборлор — Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.

Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуу улуттардын өкүлдөрү жашайт.