Нооруз майрамыңыз менен куттуктайбыз!

423

Урматтуу мекендештер!
 
Келе жаткан Нооруз жаз майрамы менен чын дилимден куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
 
Нооруз эзелтен жылдын жаңырышынын, өз ара түшүнүшүүнүн, мээримдүүлүктүн, берекенин жана ынтымактын майрамы болуп келген.
 
Ушул жаз майрамы бизге жаңы дем берип, жакшы ой тилектерибиз жана алдыга койгон максаттарыбыз ишке ашсын.
 
Учурдан пайдаланып, сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөөлүк бакыт таалай каалайбыз, элибизде ар дайым ынтымак, ал эми мамлекетибизде тынчтык болсун!
 
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Аида Исмаилова

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK