Посольство информирует граждан Кыргызской Республики о том, что с 16 июня 2021 года возобновлен прием документов на оформление общегражданского (заграничного) паспорта Кыргызской Республики.

2133

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-жылдын 16-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортун берүү үчүн документтерди кабыл алуу калыбына келтирилгенин маалымдайт.

Элчиликке кайрылган жарандардын саны арбын болгондуктан, ID-картага же чет өлкөлүк паспортко кабыл алуу msk.pasport.kg@mail.ru электрондук дарегине билдирүү жөнөтүү аркылуу кезекке туруу жолу менен жүргүзүлөт:

- толук аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты);

 - туулган датасы (күнү, айы, жылы);

- арыз ээсинин байланыш телефону;

- арыз ээсинин Россияда жайгашкан жери (область / шаар);

- кайрылуу себептери (жарандык паспортту алгачкы алуу, жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу алмашуу, никеге туруу жана чет өлкөдө фамилиясынын өзгөрүшүнө байланыштуу же паспортунун жоголушуна байланыштуу).

Кыргыз Республикасынын жаранын кабыл алууга киргизүү жөнүндө электрондук арыз башка электрондук почта даректеринен көчүрмөсүз бир жолу жөнөтүлүшү керек.

Документтерди тапшырууда арыз ээсинин жеке катышуусу талап кылынат. Элчилик жарандарды алдын – ала жазылууда ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырат.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK