Торгово-экономическое сотрудничество

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн эркин соода боюнча келишимдин негизинде (Бишкек, 19-март, 1999-ж) аткарылат.

2017-жылы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүсү 38,8 млн АКШ доллар түзгөн. Тажикстандан импорт 14,5 млн АКШ доллар, экспорт 24,3 млн. АКШ доллар түзгөн.

Тажикстандын Статкомитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын март-апрелинде, эки Республиканын ортосундагы тышкы сооданын көлөмү 19,5 млн АКШ доллар түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 эсеге өскөн. Тажикстандан Кыргызстанга экспорт 3,4 млн АКШ доллар, жана Кыргызстандан Тажикстанга импорт 16 млн АКШ доллар түздү.

Негизги экспорттук товарлар: тирүү мал, ар түрдүү тамак-аш азыктары, көмүр, мунай заттары, ар кандай даяр буюмдар.

Негизги импорттук товарлар: электро-энергиясы, айнек, чийки жибек, пахта жип, түстүү металлдар (алюминий).

Эки тараптуу маселелерди комплекстүү караган Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссия: Бүгүнкү күнгө чейин комиссиянын 16 жалпы отуруму өткөрүлдү.

Өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жолугушуусу 1997-жылдын 5 ноябрында Ош шаарында өткөрүлгөн. Комиссиянын акыркы, 16-жыйыны 2018-жылдын 18-19-мартында Душанбе шаарында өткөрүлдү.

Комиссиянын акыркы жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле өнөр жай, энергетика, суу ресурстары, транспорт, билим берүү жана илим тармактарындагы маселелер талкууланды.

2018-жылдын 1-2-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентини С.Жээнбековдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык программасына кол коюлду.