В Пекине обсуждены вопросы открытия дополнительных авиарейсов между Кыргызстаном и Китаем

2023-жылдын 10-мартында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаеванын КЭРдин жарандык авиация администрациясынын эл аралык департаментинин директору Чэнь Вэй менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө авиация тармагындагы эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Бишкек менен Пекиндин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу, ошондой эле кошумча аба коридорлорун ачуу жөнүндө маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк каттамдарын уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK