О внесении изменения в приказ Министерства иностранных дел Кыргызской Республики «Об утверждении административного регламента государственных услуг» от 13 мая 2019 года № 100-п

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрдагы № 530 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине (мындан ары - Министрлик) өткөрүп берүүнүн алкагында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 13-майындагы № 100-п «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин» бекитүү жөнүндө буйругуна, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган буйруктун 1-пункту төмөнкү мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:

«Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин Мекен-карт» документин берүү 19-тиркемеге ылайык.».

2. Министрликтин Басма сөз кызматына:

- ушул буйрук үч жумушчу күндүн ичинде Министрликтин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялансын.

3. Консулдук департаментине:

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрдө расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.М. Мадмаровго жүктөлсүн.

5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Негизи: 2022-жылдын 1-августундагы № 432 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдарды, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому, ТМДнын 2022- жылдын 4-августундагы № 025в/3373 кызматтык каты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK