Кыргыз Республикасынын Румыниядагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги 2022-жылдын 25-майында Румыниянын Политехникалык университетинин ректору М.Костои менен жолугушту.

2275

Жолугушууда М.Костои университеттин түзүлүү тарыхына токтолуп, окуу жайы азыр билим берүү жана изилдөө боюнча Румыниянын университеттеринин биринчи категориясына кирерин, Европанын ТОП-50 университети экендигин, 15 факультети бар жана 30 миңге жакын студент окуган Румыниянын эң ири университеттеринин бири экендигин маалымдады.

Кыргызстан тарап университет менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстандын ЖОЖдору менен байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Румыния тарап быйылкы окуу жылында Кыргызстандан келген абитуриенттер үчүн бекер квота берүүгө даяр экенин билдирди.

Университет Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү билим жарманкелерине да катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Жаңы окуу жылы башталганга чейин аталган университеттин Кыргызстандагы кызыкдар ЖОЖдор менен келишим долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

  • Кыргыз Республикасынын Румыниядагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги 2022-жылдын 25-майында Румыниянын Политехникалык университетинин ректору М.Костои менен жолугушту.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK