Жетекчи жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында 1986-жылдын 5-январында туулган.
Билими жогорку: 2007-жылы Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер жана мамлекеттик кызмат факультетин аяктаган. 2009-жылы Каир шаарында дипломатиялык стажировка өткөн. 2010-жылы КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясын аяктаган.
2007-жылдан баштап дипломатиялык кызматта:
2007–2008-жж. – КРнын ТИМнин “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасынын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;
2008–2010-жж. – КРнын ТИМнин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы;
2010–2015-жж. – КРнын Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугунун атташеси;
2015-ж. – КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин жалпы консулдук маселелер бөлүмүнүн үчүнчү катчысы;
2015–2017-жж. – КРнын ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы, биринчи катчысы;
2017–2019-жж. – КРнын Украинадагы Элчилигинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Убактылуу Ишенимдүү өкүлү, кеңешчиси;
2019-ж.– 2021-ж. сентябры – КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун консулу;
2022-ж. – Консулдук кызмат департаментинин кеңешчиси;
2022-жылдын 27 июнунан баштап КРдин ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
II класстагы кеңешчи дипломатиялык рангы бар.
Англис, украин жана өзбек тилдерин билет.
Үй-бүлөлүү, бир уулу бар.