КРнын ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Кыргыз Республикасынын ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө

1995 ж. Ош шаарында КРнын ТИМнин Консулдук агенттиги түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 токтомуна ылайык агенттик Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрында № 705 токтому менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобосу бекитилген (мындан ары - Өкүлчүлүк).

Министрлик Өкүлчүлүктүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана координациялайт.

Өкүлчүлүк Ош шаарында жайгашып, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында өзүнүн пункттары бар.

Өкүлчүлүктүн ишинин максаты өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын курсун натыйжалуу ишке ашырууга катышуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана башка улуттук кызыкчылыктарын эл аралык мамилелерде коргоо болуп саналат.

Өкүлчүлүк өзүнүн компетенциясынын чегинде Министрлик менен макулдашуу боюнча төмөнкү милдеттерди аткарат:

1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тең укуктуу мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташууга багытталган тышкы саясий курсун эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине ылайык өткөрүүгө катышат;

2. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана башка улуттук кызыкчылыктарын эл аралык мамилелерде коргоону дипломатиялык каражаттар менен камсыздоого катышат;

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана миграциялык саясатын ишке ашырууга катышат;

4. Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан жана өз ишин жүргүзгөн чет мамлекеттердин консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү менен байланышты камсыз кылат;

5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тышкы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдырууга, Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды, жаңы технологияларды жана инновацияларды тартууга, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен гуманитардык жана техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө катышат.

Жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Өкүлчүлүк өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;

2. Министрликтин тапшырмасы боюнча билдирүүлөр жана башка тышкы саясий демилгелер менен чыгат;

3. Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөрүлүүчү эл аралык конференциялардын, форумдардын ишине Министрликтин катышуусун камсыз кылат;

4. Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык консулдук ишти уюштурат;

5. Чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспоралары жана мекендештер менен Кыргыз Республикасынын байланыштарын өнүктүрүүгө жана сактоого көмөк көрсөтөт;

6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жана ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат;

7. Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун ишке ашыруу маселеси боюнча суроо-талаптарына түшүндүрмө берет;

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук коопсуздук, коргоо, жаратылыш жана суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, тышкы экономикалык жана соода, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, миграциялык байланыш сыяктуу чөйрөлөрдөгү саясатын жана иш-чараларын ишке ашырууга катышат;

9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатын ишке ашырууга, анын ичинен мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, миграциялык көзөмөлдү уюштуруу боюнча чаралардын тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылышына катышуу жолу аркылуу көмөк көрсөтөт;

10. Эки жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы саясий маселелери боюнча позицияларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;

11. Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары же эл аралык уюмдардын кызмат адамдары менен болгон байланышын дипломатиялык жактан колдоону камсыз кылат;

12. Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына эл аралык абал жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жөнүндө маалымат берет;

13. Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан жана өз ишин жүргүзгөн чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен эл аралык укуктун ченемдерине ылайык зарыл болгон шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт;

14. Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин алар жана алардын кызмат адамдары тарабынан эл аралык иштеги тышкы саясаттын бирдиктүү принцибинин сакталышы жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышы максатында координациялоону ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;

15. Министрликтин түзүмдүк бөлүнүштөрү жана алар аркылуу - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери менен өз ара аракеттенет, ошондой эле аларга Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;

16. Министрлик тарабынан жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашырат.

Жалпысынан КРнын ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердиги КРнын ТИМнин Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен, тагыраак айтканда Өзбекстан Республикасы, Тажикистан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы менен, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүү ишин бекемдөөгө багытталган.

Өкүлчүлүк тарабынан аймактагы абал тууралуу сапаттуу талдоо жүргүзүлүп, дипломатиялык кийлигишүү керектелген учурларда чек ара жана суу суроолорун эффективдүү чечүүгө салым кошулат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын түштүк аймагынын чек ара кызматташуусун, чет элдик мамлекеттер менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, туристик жана башка эл аралык байланыштарын өнүктүрүүгө, Кыргызстандын түштүк облустарына чет элдик акчалай каражат тартууга көмөктөшөт.

Мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө да бар, тышкы саясий мекемелердин өкүлчүлүктөрү - Казахстан Республикасынын Алматы ш., Тажикистан Республикасынын Ходжент ш., Пакистан Ислам Республикасынын Карачи ш., ошондой эле Орусия Федерациясынын бардык федералдык аймактарында бир топ эффективдүү иш алып барууда.