Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана Молдовадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шариповдун Болгария Республикасына иш-сапары болду

2019-жылдын 12-17-декабрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана Молдовадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шариповдун резиденциясы Киев шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары (айкалаштыруусу менен) Болгария Республикасынын Президенти Р.Радевге расмий түрдө Ишеним грамоталарды тапшыруу аземине катышуу үчүн Болгария Республикасына иш-сапары болду.  

Иш-сапардын алкагында 2019-жылдын 16-декабрында Элчи Ж.Шариповдун Болгария Республикасынын Экономика министрлигинин Мамлекеттик катчысы В.Туджаров жана Болгария Республикасынын Соода, өнөр-жай палатасынын Президенти Ц.Симеонов менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү, анда соода-экономикалык жаатта эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсү жана азыркы абалы талкууланды.

Өз учурда болгар тарабы Кыргыз Республикасы менен болгон мамилеге чоң маани бергендигин ырастап, эки тараптуу кызматташууну бардык багыттарда илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар кызматташуунун алкагында соода-экономикалык маселелер боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү жана бизнес чөйрөдөгү өкүлдөрдүн катышуусу менен бизнес-форум уюштуруу тууралуу макулдашууга жетишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK