КР нын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Стамбул университетинде «Кыргыз маданияты жана улуу жазуучу Чынгыз Айтматов» күнүнө арналган иш чарага катышты

2019 - жылдын 13-декабрында Башкы консулдугунун кызматкерлери Стамбул шаарындагы Стамбул университетинде «Кыргыз маданияты жана улуу жазуучу Чынгыз Айтматов» күнүнө арналган иш чарага катышты.

Аталган иш-чара Чынгыз Айтматовго арналган сүрөт жана жазуучунун түрк тилине которулган китеп көргөзмөсү менен ачылып, Кыргыздын декоративдүү көркөм кол өнөрчүлүгү да таанытылды.

Иш чара Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынын театралдык көргөзмөсү, Манас эпосунун айтуусу жана улуттук жанырдагы концерттик бий программасы менен коштолду. Андан тышкары, Кыргызстандын инввестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана туристик потенциалы боюнча видео тасма көргөзүлдү.

Бул маарекеде Стамбул университетинин Ректору Проф. Док. Махмут Ак, Эл аралык студенттик борборунун директору Др. Фарук Ташчы, КРдин Стамбул ш. Башкы консулдугунун Вице – консулу Азиз Аданов, окутуучу жамааты, студенттер жана Стамбул шаарынын тургундары катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK