Соода-экономикалык кызматташтык

Свердлов облусу менен соода-экономикалык кызматташтык жигердүү өнүгүүсүн улантууда. Кыргызстандан негизги экспорттоло турган өндүрүмдөр азык-түлүк товарлары болуп эсептелет: сүт азыктары, канаттуулардын жумурткалары, табигый бал, жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктары, жашылчалар, мөмө-жемиштер жана жаңгактар. Ошондой эле Кыргыз Республикасынан кийим-кече, машинада жана колго токулган трикотаж ж.б. өндүрүлгөн товарлар да экспорттолот.

Свердлов облусунан Кыргызстанга негизинен металлдар жана алардан жасалган буюмдар экспорттолот. Ошондой эле тамак-аш, химиялык өндүрүмдөр, машина куруу буюмдары, жыгач материалдары жиберилет.

Учурда жаңы соода түйүндөрүн жана товарларды үзгүлтүксүз өз ара жеткирүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Екатеринбургда жана Бишкекте соода-логистикалык борборлорду жана соода үйлөрдү ачуу мүмкүнчүлүктөрү изилденип жатат. Кыргызстан Свердлов облусу менен Азия мамлекеттеринин ортосундагы соодада байланыш звеносу катары чыга алат.

Биргелешкен комиссиянын иши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын биринчи отуруму 2007-жылдын 16-17-октябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.Мадумаров баштаган делегациянын Свердлов облусуна болгон иш сапары учурунда болуп өткөн.

2014-жылдын 10-12-июлунда Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы V Эл аралык «ИННОПРОМ» өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Биргелешкен комиссиянын экинчи отуруму ушул көргөзмө болгон аянтчада болуп өттү. Отурумдун протоколунда өнөр жай, курулуш, айыл чарба, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция саясаты, саламаттыкты сактоо, жогорку билим берүү жана илим, ошондой эле телерадиоберүү жана маалымат саясаты жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери камтылды.

Биргелешкен комиссиянын үчүнчү отуруму 2016-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өткөн. Орус тараптан делегацияны Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри А.Соболев жетектеген. 2021-жылдын 6-декабрында Бишкек шаарында Биргелешкен комиссиянын төртүнчү отуруму болуп, анда Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун бизнес түзүмдөрүнүн, жогорку окуу жайларынын ортосунда жолугушуусу уюштурулган.

Учурда биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн теңтөрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри саналат.

Бул жылдар аралыгында Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусу ар кандай деңгээлдеги көптөгөн иш сапарлар менен алмашты.

2018-жылдын 1-4-сентябрында Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Козлов жетектеген облустун делегациясынын Кыргыз Республикасына иш сапары болуп, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларынын алкагында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары!» чыгармасынын образдары боюнча скульптуралык композициясы Кыргызстанга белекке берилди. Иш сапардын алкагында Свердлов облусунун делегациясынын башчысы В.Козлов менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.Разаков жолукту.

2019-жылдын 27-28-мартында Свердлов облусунун губернатору Э.Куйвашев жетектеген делегациянын мамлекет башчылардын катышуусунда VIII кыргыз-орус акмактар аралык «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» аталыштагы конференциянын иш-чараларына катышуу алкагында Кыргыз Республикасына иш сапары болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, IX кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы Екатеринбургда өткөрүлөөрү жарыяланды.

Маалымат үчүн: Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу жөнүндө Макулдашууга 2006-жылдын июлунда Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Свердлов облусуна болгон иш сапарынын алкагында кол коюлуп, ал 2016-жылы күчүн жоготкон.

2019-жылдын 11-июлунда «ИННОПРОМ» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Осмонбетов менен Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В Козлов менен жолугушуусу болуп өттү.

2021-жылдын 15-17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаев жетектеген делегация Свердлов облусуна иш сапары менен келип, «ЖАЙ – 2021» Эл аралык туристтик көргөзмөгө павильону менен катышты. Иш сапардын алкагында делегация Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Козлов, Свердлов облусунун инвестиция жана өнүктүрүү министри В.Казакова менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун багыттарын, анын ичинде айыл чарба, билим берүү, туризм, инвестиция жана муниципалдык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

2021-жылдын 15-17-майында «Issyk-Kul ITF-2021» Эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышуу үчүн Свердлов облусунун Инвестициялар жана өнүктүрүү министри В.Казакова жетектеген делегациянын Кыргыз Республикасына иш сапары болуп өттү. Иш сапардын жүрүшүндө Свердлов облусунун инвестициялык потенциалынын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн бет ачары уюштурулду. Свердлов облусунун делегациясы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

2021-жылдын август айында Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Козлов Кыргызстанга иш сапары менен барды.

2022-жылдын 9-10-июнунда Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев жетектеген делегация IX кыргыз-орус аймактар аралык конференцияга катышты.

2022-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев жетектеген делегация «ИННОПРОМ-2022» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуу үчүн Свердлов облусунда болду. Көргөзмөнүн алкагында министр Д.Амангелдиев Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Д.Мантуров менен жолугушуу өткөрүп, анда өнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташуу жана өндүрүштүк кооперация маселелери талкууланды.

2023-жылдын 3-мартында Екатеринбург шаарында Башкы консулдук Свердлов облусунун кичи жана орто бизнес биримдиги менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайы» деген темада тегерек стол уюштурду. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жеңил өнөр жайы жөнүндө презентация өтүп, жолугушуунун катышуучуларына өлкөнүн тигүү жана текстиль ишканаларынын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле инвестиция, бизнес жүргүзүү, жаңы өнөр жай аймактарында салык салуу үчүн жагымдуу шарттар, анын ичинде Бишкектеги эркин экономикалык аймак туралуу маалымат берилди. Тегерек столго 65тен ашык россиялык компаниялардын жана жеке ишкерлердин өкүлдөрү, ошондой эле Свердлов облусунун Өнөр жай жана илим министрлиги, «Челиндбанк» ААКсы, Кыргызстандын мода жана текстиль ассоциациясынын, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын өкүлдөрү катышты.

2023-жылдын 7-8-апрелинде Башкы консулдуктун уюштуруучулук колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Туризм департаментинин директору С.Шатманов жетектеген делегация Екатеринбургда жыл сайын өтүүчү «ЖАЙ-2023» Эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты. Делегациянын курамында Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү, атап айтканда №2 мамлекеттик резиденция, «С.А.Т.», «Travelnomad.kg», «Инфо сервис» компаниялары катышты. Көргөзмөнүн алкагында Уралдагы туристтик операторлор жана компаниялар, Свердлов облусунун профсоюздар федерациясы жана Екатеринбург шаарынын ишканалары үчүн Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, эс алуу шарттары жана санаториялык-курорттук дарылоо боюнча презентациялар уюштурулду.

2023-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин Челябинск жана Екатеринбург шаарларында «Боз үй фестивалдары» болуп өттү. Потенциалдуу туристтерди өлкөбүзгө тартууга багытталган иш-чаралар Кыргызстандын «Инфо сервис» туристтик компаниясы тарабынан Башкы консулдуктун, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана Челябинск менен Екатеринбург шаарларынын мэрияларынын колдоосу менен уюштурулду. Иш-чарага Челябинск жана Екатеринбург шаарларынын туристтик компаниялары жана операторлору, ишканалардын профсоюздары, ошондой эле шаарлардын тургундары жана коноктору катышты.

2023-жылдын 8-июнунан 11-июнуна чейин жана 2023-жылдын 16-19-июнунда Свердлов жана Челябинск облустарынын алдыңкы туристтик компаниялары, ишканалардын жана медициналык мекемелердин профсоюздарынын өкүлдөрү, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Кыргызстанга маалыматтык жана пресс турлар өткөрүлдү. Иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун Облустук телекөрсөтүүсү менен Свердлов жана Челябинск облустарынын телеканалдарынын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү максатында, маалымат алмашууну, анын ичинде туризм тармагында кызматташууну илгерилетүү үчүн келишимдерге кол коюлду. 2023-жылдын 19-июнунда пресс-турдун катышуучулары Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен бирге Екатеринбург-Тамчы каттамынын 2023-жылга ачылышынын биринчи рейсине арналган салтанаттуу жыйынга катышты.

2023-жылдын 10-14-июлунда Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасы биринчи жолу «ИННОПРОМ-2023» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө улуттук экспозиция менен катышты. Кыргызстандык делегацияны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев жетектеди. Кыргыз Республикасынын павильонундагы өндүрүмдөр ата мекендик 15 компания тарабынан сунушталып, өнөр жай, курулуш, тигүү, текстиль, туризм, кол өнөрчүлүк жана башка товарлардын кеңири ассортиментин камтыды. Кыргызстандын Улуттук экспозициясында Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Д.Мантуров келип, Кыргызстандан сунушталган товарлар менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунун жыйынтыгында Екатеринбург шаарындагы «Сима-Лэнд» компаниясына Кыргызстандын жеңил өнөр жай өндүрүмдөрү жеткириле баштады.

Ошондой эле, 2023-жылдын 29-31-октябрында Свердлов облусунун губернаторунун орун басары В.Козлов жетектеген делегациянын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын «Sky Industrial Group» компаниясы «Технопарк Торгмаш» менен Екатеринбургка лифттерди экспорттоо боюнча келишимге кол койду.

2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Ярин жетектеген делегация «Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кызматташтыгынын жаңы горизонттору» X кыргыз-орус аймактар аралык конференциясына катышты. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосунда кызматташууну түзүү ниети жөнүндө протоколго кол коюлду.

Тюмень облусу менен соода-экономикалык кызматташтык

2014-жылдын 25-27-октябрында Тюмень шаарында Кыргыз Республикасы менен Тюмень ишканаларынын жана компанияларынын байланыштар биржасы уюштурулду. Кыргыз Республикасынын бизнес-делегациясы менен баарлашуу жашылча-жемиштерди импорттоого кызыккан Тюмень соода түйүндөрүнө, токой чарба ишканаларына, ошондой эле курулуш секторуна пайдалуу болду. Тюмень облусунун инвестициялык потенциалы жана Тюмень рыногундагы иштин келечектүү багыттары көрсөтүлдү.

2015-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында II «Ысык-Көл» экономикалык форуму болуп өттү. Форумга Тюмень облусунан Экспортту колдоо борбору жана «Тюмень фанера заводу» ЖЧКсы катышты.

2019-жылдын 28-29-январында Кыргызстандын делегациясы 2019-жылдын 27-28-мартында Бишкек шаарында өтүүчү «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» VIII кыргыз-орус региондор аралык конференциясына даярдык көрүү максатында Тюмень облусунда болду. Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси З.Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешчиси А.Новиков, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» МКК ААК башкармалыгынын төрагасы Р.Касымов, « Жар птица» ЖЧКсынын сатып алуулар боюнча менеджери С.Яковлев киришти.

Иш сапардын алкагында Кыргызстанга канаттуулардын этин жеткирүү боюнча Тюмень облусунун ишканалары менен жолугушуулар өткөрүлдү. «Продо Тюмень бройлер» ААКсы Кыргызстанга өндүрүмүн жеткирүүгө даяр экендигин билдирди. Заводуковский каймак заводу жана «НГ Групп» ЖЧКсы өндүрүмдөрүн Кыргыз Республикасында үзгүлтүксүз жеткирип турат. Ошондой эле Кыргызстандын өкүлдөрүнө кыргыз жашылча-жемиштерин Тюмень облусуна жеткирүү боюнча соода түйүндөрү менен жолугушуу уюштурулду.

2019-жылдын 26-28-мартында Тюмень делегациясынын VIII кыргыз-орус аймактар аралык конференциясына катышуусунун алкагында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын ишкерлери менен Тюмень облусунун ишкерлери үчүн B2B сүйлөшүүлөрү уюштурулду. Делегация курулуш, жыгач иштетүү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетине барышты.

2021-жылдын 22-29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти М.Шаршекеев жетектеген кыргыз делегациясынын Тюмень облусуна болгон иш сапарынын алкагында биргелешип бодо мал багуу, балык чарбасын өнүктүрүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

2021-жылдын 19-23-августунда Кыргызстандын жаш ишкерлери Тюмень облусунда жыл сайын өтүүчү «Ийгиликтүү ишкерлердин жыйыны» жаштар форумуна катышты.

2021-жылдын 9-13-ноябрында Тюмень облусуна Кыргыз Республикасынан ири көп функционалдуу «Аю Холдинг» холдингинин жетекчилери келишти. Тюмендик товар өндүрүүчүлөр менен туризм, машина куруу, табигый жер семирткичтерди, айнек буюмдарын өндүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча максаттуу жолугушуулар өткөрүлдү.

2023-жылдын 27-февралында Башкы консулдуктун Тюмень облусунун бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйын гибрид форматында Тюмень облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жана бизнес-өкүлдөрүнүн, Евразия экономикалык клубунун, Кыргызстандан жеңил өнөр жай ишканаларынын, Мода жана текстиль ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Иш-чарада «Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайы» деген темада презентация болуп, анда катышуучуларга бул тармактагы инвестициялык долбоорлор жана Кыргызстандын текстиль ишканаларынын өндүрүштүк потенциалы тууралуу айтылды. Ушул эле күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери Тюмень облусундагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө «Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» деген темада презентация жасалды. Жолугушуунун катышуучуларына өлкөбүздүн туристтик жерлери боюнча жарнамалык буклеттер жана жолдонмолор таратылды.

Челябинск облусу менен соода-экономикалык кызматташтык

Кыргызстан менен Челябинск облусу өз ара сооданы активдүү өнүктүрүүдө. Челябинск облусунан Кыргыз Республикасына импорттун негизги товарлары болуп кара металлургия өндүрүмдөрү, тамак-аш азыктары, эл керектөөчү товарлар саналат, ал эми Кыргыз Республикасынан мөмө-жемиштер, жашылчалар жана тамак-аш азыктары экспорттолот.

2013-жылдын 22-25-апрелинде Челябинск облусунун бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына иш сапары болуп өттү. Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Челябинск облусунун ортосундагы сооданы өнүктүрүү маселелери, россиялык юридикалык жактардын Кыргыз Республикасында ишканаларды ачуу, каттоо механизми жана башка маселелер талкууланды.

2016-жылдын 14-19-февралында Челябинск облусунун бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына иш сапары уюштурулду. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү министрлигинин жетекчилиги жана Ысык-Көл облусунун губернатору менен жолугушуулар өткөрүлдү. Сапардын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди, анын ичинде 2016-жылдын 8-июнунда салтанаттуу ачылган Бишкек – Челябинск түз авиакаттамы болду.

2017-жылдын 19-июлунан 21-июлуна чейин Бишкек шаарында Челябинск облусунун күндөрү өткөрүлдү. Сапардын алкагында кыргызстандык жана түштүк-уралдык ишкерлердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди. Челябинск облусунун губернатору Б.Дубровский жетектеген Түштүк Урал делегациясынын курамына облустук бийликтин, бизнестин, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын жана спорттун өкүлдөрү кирди. 22 адамдан турган ишкерлер тобун Түштүк-Уралдын соода-өнөр жай палатасынын президенти Ф.Дегтярев жетектеди. В2В форматындагы жолугушууларга кыргыз тараптан 40тан ашык ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышты.

2018-жылдын орчундуу окуясы ушул жылдын 15-июнунда Челябинск шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.Разаков жетектеген өкмөттүк делегациянын катышуусунда өткөн VII кыргыз-орус аймактар аралык конференция болду. Иш-чаранын жүрүшүндө эки документке кол коюлду: Бишкек жана Челябинск шаарларынын ортосунда бир туугандык мамилелерин түзүү жөнүндө макулдашуу, «Мастер Фрост» ЖЧКсы (Кыргызстан) менен «X5 Retail Group» (Пятерочка дүкөндөр тармагы) ортосундагы келишим.

2019-жылдын 13-14-июнунда Челябинск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу А.Текслер Кыргыз Республикасына иш сапары менен барып келди.

2019-жылдын 15-16-августунда Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов VI Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форумуна катышты.

2021-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун делегациясынын жана Кыргыз Республикасынын туризм тармагынын өкүлдөрүнүн Челябинск облусуна иш сапары иштелип чыкты.

2021-жылдын 15-апрелиндеги жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаевдин Челябинск облусу боюнча губернаторунун орун басары С.Мошаров менен жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдө аймактар аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, товарларды жана өндүрүмдөрдү өз ара жеткирүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү маселелери талкууланды.

2021-жылдын 28-сентябрынан 30-сентябрына чейин Челябинск шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Аймактык башчыларынын экинчи форуму онлайн жана оффлайн форматында болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев катышты. Башкы консулдуктун көмөгү менен М.Кожоев менен Челябинск облусунун губернатору А.Текслердин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Челябинск облусунун ортосундагы аймактар аралык экономикалык кызматташтыктын потенциалын, туристтик алмашууну көбөйтүү жана региондор ортосундагы туризм тармагындагы өз ара аракеттенүүгө жаңы дем берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ысык-Көл менен Челябинск облустарынын ортосунда түз авиакаттамдарды өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Жолугушуунун жыйынтыгында 2017-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Челябинск облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык жааттарында кызматташтыкты кеңейтүү максатында ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлду.

Башкы консулдук Челябинск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин уюштуруучулук колдоосу менен 2023-жылдын 27-апрелинде Челябинск шаарында «Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү» деген темада тегерек стол өткөрдү. Кыргызстандын курорттор ассоциациясынын, «CAT» жана «Инфо сервис» компанияларынын жетекчилери Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу презентация жасашты. Иш-чара видеороликтерди көрсөтүү, Кыргызстандын туристтик жерлерине жарнамалык буклеттерди жана жолдонмолорду таратуу менен коштолду.

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүнүн алкагында 2023-жылы Челябинск облусунун алдыңкы туристтик компаниялары, ишканалардын жана медициналык мекемелердин профсоюздары, ошондой эле жалпы маалыматтык каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасына маалыматтык-пресс-турлар уюштурулду. Ысык-Көл облусунун облустук телекөрсөтүүсү менен Челябинск облусунун телеканалынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында «Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кызматташтыгынын жаңы горизонттору» X кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын жана Россия Федерациясынын Челябинск облусунун Өкмөтүнүн ортосунда кызматташууну түзүү ниети жөнүндө Меморандумга кол коюлду.