Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту

254

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда, Париж шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Француз Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, ошондой эле андан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Эммануэль Макронго Францияга сапар менен келип кетүүгө жана Париж Форумуна, өз убагында өткөрүлүп жаткан мөңгүлөр боюнча биринчи Саммит - "Бир планета саммитине" катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү жүрүшүндө лидерлер эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана аларды өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга даярдыгын билдиришти, анын ичинде транспорттук жана соода-экономикалык чөйрөлөрүндө да.

Франциянын Президенти позитивдүү мисал катары энергетика өңдүү приоритеттүү чөйрөдөгү кызматташтыктын активдешүүсүн белгилеп, айрыкча "Электрисите де Франс" менен "Тоталь" француз компанияларынын Кыргызстанда иштөө ниеттерин белгиледи.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макронду Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды

  • Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту
  • Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту
  • Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту
  • Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK