Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз мырза Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Брис Рокфель мырза менен жолугушту.

260

2024-жылдын 19-февралында Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз мырза Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Брис Рокфел мырзаменен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи С.Шер-Нияз Кыргыз Республикасындагы маанилүү ички саясий трансформациялар жөнүндө маалымат берип, достук жана конструктивдүү кырдаалда тараптар кыргыз француз эки тараптуу кызматташуусунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Быйылкы жылы жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүүгө өз ара даярдыгы ырасталды.

Элчи Шер-Нияз кош салык салуудан качуу жана инвестицияларды коргоо боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле Бишкекте кезектеги кыргыз француз бизнес форумун уюштуруу аркылуу экономикалык, соода жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Франциянын дүйнөнүн климатын жана экологиясын жакшыртуу аракеттерин эске алып, элчи экологияны жана жашыл экономиканы сактоо боюнча долбоорлордун ордуна тышкы карызды кечүү маселесин кароону сунуштады.

Тараптар Франциянын “EDF”, “Airbus” жана “Sanofi” компанияларынын Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусуна оң баа беришти

Маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерине чоң көңүл бурулду. Директор 2023-жылы Франциянын ЖОЖларына Кыргызстандан 122 студент кабыл алынганын канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге элчи кошумча түрдө Кыргызстандын музей кызматкерлеринин жана француз тили мугалимдеринин квалификациясын Францияда жогорулатуу боюнча кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин ырасташты.

  • Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз мырза Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Брис Рокфель мырза менен жолугушту.
  • Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз мырза Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Брис Рокфель мырза менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK