Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин кезектеги жыйынын жана «Мекендештер» форумун өткөрүү жөнүндө

205

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги 2023-жылдын 14-15-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин кезектеги жыйынын жана «Мекендештер» форумун өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы № 186 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кеңештин курамына мүчө болуп кирген мекендештер Кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

«Мекендештер» форумуна Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошууну каалаган мекендештер чакырылат.

Бул иш-чараларга катышуу үчүн мекендештер төмөнкү шилтеме аркылуу катталуусу керек: https://forms.gle/spTmb2Vg4R4LMCJMA.

Каттоодон 2023-жылдын 15-октябрына чейин өтүү зарылдыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. 2023-жылдын 15-октябрынан кийин катталган мекендештер катышуучулардын тизмесине кирбей турганын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кеңештин бардык мүчөлөрү жогорудагы шилтеме аркылуу каттоодон сөзсүз өтүшү керектигин белгилейбиз.

«Мекендештер» форумуна катышуу үчүн белгиленген тартипте каттоодон өткөн мекендештерди Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигине төмөнкү электрондук почта аркылуу кошумча билдирүүнү суранабыз: kgembassy.usa@mfa.gov.kg