Канадада жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

273

Урматтуу мекендештер!


2023-жылдын 13–14-октябрында Канаданын Торонто шаарында Элчилик тарабынан Канадада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт.

Иш-чаранын дареги: 56 Wilkie Lane, Ajax, ON, L1S 7S5
Иш-чаранын убактысы: 13–14-октябрында саат 10-00дөн 18-00гө чейин.

Бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

ЭСКЕРТҮҮ:
Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз.

Консулдук тейлөөгө катышууңуз тууралуу +1(416) 871-6472, +1(202) 256-2924 телефон аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.