Урматтуу мекендештер!

96

Урматтуу мекендештер!

Сиздерге маалым болгондой акыркы 2 ай ичинде Новосибирск областы жана Новосибирcк шаарында ГИБДД кызматкерлери тарабынан жеңил унаада жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында кызмат көрсөткөндөрдү текшерүү күчөп, Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 14.1-беренесинин 2-бөлүгү (Мамлекеттик каттоосуз же атайын уруксаты (лицензиясы) жок жеке ишкердикти жүргүзүү) боюнча административдик материалдар түзүлүп, айып пулдар салынып, каттоосу (регистрация) жок экендиги же эмгек келишимдери базада болбогондугу аныкталып, көпчүлүк учурда сот органдары тарабынан Россия аймагынан «Чет элдик жарандарды кармоочу атайын борбордо» кармоо аркылуу чыгарылууда.

Башкы консул Айбек Айдарбеков жана Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештердин аталган көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен кайрылгандан кийин, Россиянын ИИМ Новосибирск областы боюнча Башкы башкармалыгынын ГИБДД кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, таксистер менен болгон кырдаалды талкуулап, оң жагына чечүү аркеттерин көрүшкөн. Анын жыйынтыгында ГИБДД кызматы жүргүнчүлөрдү ташууда, эң оболу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын лицензия болуусу шарт экендигин айтып, кыргыз жарандары тарабынан жол эрежелери бузулуп авткандыгын билдирген. Ага ылайык, чет элдик жарандардын катышуусу менен 2022-жылы 44 519 административдик тартип бузуу (жол эрежелери боюнча) катталган, анын ичинен 9 333 кыргыз жарандары тарабынан катталып, 21% түзгөн. Ал эми, 2023 жылдын 4 айына карата 18 327 укук бузуу катталып, анын ичинен 4 028 кыргыз жарандарынын катышуусу менен болгон. Ошондой эле, жыл башынан бери 47 автокырсык (ДТП) болуп, анын ичинен 32 жолу кыргыз жарандарынын күнөөсү менен болгон.

Ошондуктан, урматтуу мекендештер, эң оболу жол эрежелерин жана миграциялык мыйзамдарды бекем сактоого, убактылуу каттоону жана эмгек келишимдерин мыйзамдуу түрдө жасоого, күмөн жараткан ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырабыз.

Мындан сырткары, такси кызматына кошулардан (иштеерден) мурун, атайын лицензиясы бар таксопарктар менен келишим түзүп, алардын лицензиясынын көчүрмөсүн келишимге тиркеп, же болбосо лицензиянын номерин таксопрак менен таксинин ортосундагы келишимде көрсөтүп алып жүрүүнү сунуш кылабыз.

Новосибирск областы боюнча жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан такси тармагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына карата мыйзамсыз аракеттерге барган учурда 8 (800) 222-74-47 телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.