Заместитель председателя комитета по социальной политике ЖК КР – депутат ЖК КР А.Т.Маткеримов встретился с представителями кыргызской диаспоры в г. Новосибирске

112

2023-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – социалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары А.Маткеримов Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков депутатты жана Новосибирск шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишмердүүлүгү жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык иш-чаралар багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштери менен тааныштырып, мындан аркы Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Сибир федералдык округунун ортосундагы региондор аралык кызматташууну чыңдоого багытталган эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча пландарды белгилеп өттү.

Ошону менен бирге, Башкы консулдук тарабынан Новосибирск шаарында эмгектенген мекендештер менен жолугушуу уюштурулуп, анда Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маткеримов жарандарга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле мамлекет тарабынан аткарылып жаткан масштабдуу долбоорлор менен иштелип жаткан улуттук программалар тууралуу айтып берди.