Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү

2888

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги, жайгашкан өлкөдө болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып, Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Киевде аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтери менен түз байланышта.

Учурда Кыргыз Республикасынын Элчилиги, башка чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн басымдуу көпчүлүгү сыяктуу эле, штаттык режимде иштеп жатат.

Элчилик маалыматтык колдоо алуу үчүн кайрылган Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта. Аларга объективдүү жана толук түшүндүрмөлөр берилип, кырдаал боюнча ишенимдүү маалымат алуу үчүн биринчи кезекте украин бийлигинин расмий маалыматына жана билдирүүлөрүнө көз салуу сунушталууда.

Ошол эле учурда, зарыл болгон учурда, кабыл алуучу өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын үй-бүлөлөрү коммерциялык каттамдар менен Украинанын аймагынан  өз алдынча чыгып кете алышат.

Жарандардын кайрылуулары үчүн: +380997573413 ишеним телефону, ошондой эле элчиликтин "WhatsApp" тобу иштөөдө.