Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

3319

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилгендигин билдиребиз:

"16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй жарактуулук мөөнөтү менен жол-жоболоштурулат:

- бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;

- бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө."

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ("Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 99 (3278) жарыяланды) үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, так айтканда, 2021-жылдын 24-декабрынан тартып.