Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиси Жусупбек Шариповдун дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу жарандарга кайрылуусу

2568

Ассаламу Алейкум ва рахматуАЛЛАХИ ва баракатуху!

Арыбаңыздар урматтуу Мекендештер!

  Баарыңарга белгилүү болгондой, менин Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиси кызматындагы дипломатиялык миссиям аяктады.

   Ошол төрт жылдын ичинде менде бар болгон тажрыйбамды, иш-билгилигимди, билимимди кыргыз-украин, кийинчерээк кыргыз-молдова, кыргыз-болгар, кыргыз-румын, мамилелеринин бекемделише жумшап, анын ичинде Сиздердин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тийиштүү иш алып бардым.

    Биз, Сиздер жана диаспора менен биргеликте, көптөгөн жакшы иш-чараларды өткөрдүк, атап айтсак: Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күндөрүн, Нооруз майрымдарын белгилөө, жазгы сейилдөөгө чыгуу, ар түрдүү маданий иш-чаралар.

    Менин дипломатилык миссиямдын учурунда дүйнө жүзүн таажы вирусу каптады, анда дагы биз Сиздер менен биргеликте оор жагдайда калып кеткен жарандарга тийиштүү жардамдарды көрсөттүк. Өзгөчө жардам берген, активдүү жарандарыбыз Элчиликтин атынан ыраазычылык каттарга ээ болушту.

    Диаспора жетекчилери, мүчөлөрү жана аксакалдар менен байма-бай жолугушууларды өткөрүп, ал жакта дагы коюлган, Сиздердин көйгөйлүү маселелериңерди чечүүгө аракет кылдык.

      Жарандардын жеке кабыл алуусу уюштурулуп, ар бириңердин көйгөйүңөрдү угуп, аны чечүү аракетин көрдүк.

   Урматтуу туугандар, Мекендештер, бардыгыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакубатчылык каалаймын. Чет өлкөдө жүргөнүңүздөрдө өз Мекениңердин жүзү болгонуңуздарды унутпаңыздар.

      АЛЛАХ ТААЛАМ ӨЗҮ коргоп, ӨЗҮ сактап, ӨЗҮ колдоп жүрсүн!

Сиздерди урматтоо менен,

Жусупбек Шарипов