Информационное сообщение Посольства КР в РФ от 26 мая

140

Социалдык тармактарда рейддер өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу таркатылып жаткан маалыматтарга байланыштуу, Элчилик Россия Федерациясынын компетенттүү органдары туруктуу негизде текшерүү иш-чараларын жүргүзүү менен Россия Федерациясынын аймагында  жүргөн чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө мыйзамдуу жүрүүсүнө мониторинг жүргүзүп турарына Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн бурат.

Буга байланыштуу Элчилик терс кесепеттерге жол бербөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Россия Федерациясынын мыйзамдары туура  жана так сакталышы керектигин белгилейт.

Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандарына Россия Федерациясында мыйзамдуу түрдө болуу жана иштөө үчүн Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарында белгиленген бардык процедураларды өз убагында өтүү сунушталат.

Кыргыз Республикасынын жарандары өздүгүн тастыктоочу документтерин (паспортун) жана Россия Федерациясында жүрүү укугун тастыктоочу документтерди (миграциялык карта, чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жүргөн жерине келгендиги жөнүндө маалымкат бланкын) жанында алып жүрүүгө тийиш.

Ишенимдүү маалыматты алуу үчүн расмий ресурстарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн сайттарын колдонуу зарыл.