Информация о постановке на миграционный учет по прибытии на территорию Российской Федерации

1583

Кыргыз Рсепубликасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги,  Россия Федерациясынын аймагында иштеп, жашап жүргөн жарандарга, Россия Федерациясынын аймагына келип миграциялык каттоого туруу учурунда төмөндөгүлөргө көңүл буруусун дагы бир ирет эскертет.

2023-жылдын 28-апрелиндеги № 156-ФЗ «Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндөгү» Федералдык Мыйзамынын 20- жана 22-беренелерине өзгөртүү киргизүүлөр тууралуу» Федералдык Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу, Россия Федерациясынын аймагына келген жарандардын баштапкы миграциялык каттоого онлайн түрүндө туруусу Россия Федерациясынын “Мамлекеттик кызматтар” (ГосУслуги) системалары аркылуу жүргүзүлөт. Аталган санариптик система аркылуу тапшырылган арыздардын жообу кечеңдеп жаткан учурда, каттоого туруп жаткан жаран, катталып жаткан району боюнча Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылуусу зарыл. “Мамлекеттик кызматтар” (ГосУслуги) системасы аркылуу тапшырган арыз керекүү тиркемелери менен жогоруда айтылган системада катталган учурда Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү белгилери менен чет өлкөлүк жарандын келгендиги тууралуу билдирүү формасынын үзүлүүчү бөлүгүн (отрывная часть бланка о постановке на учет иностранного гражданина) берүүгө милдеттүү.

Миграциялык каттоону узартуу дагы жогоруда көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Көйгөйлүү маселелер жаралган учурда тиешелүү документтер менен  Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине кайрылуу зарыл.