Пресс-релиз от 17 июня 2020 года о чартерном авиарейсе из г. Казань

2920

Жабык чек аралар жана эл аралык жүргүнчү авиакаттамдардын токтотолгон шарттарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын Россиядан кайтаруу боюнча коюлган тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында, 2020-жылдын 17-июнунда “Авиатраффик” компаниясынын “Казань – Бишкек” маршруту боюнча чартердик каттамы уюштурулду.

Бул рейс аркылуу 172 Кыргыз Республикасынын жарандары Мекенине кайтып келди, алардын ичинде 167 Россиянын окуу жайларында окуган студенттер, ошондой эле башка категориядагы 15 жаран, анын ичинде эки жашка чейинки балдары бар энелер.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси студенттик топтор аркылуу маалыматты жайылтуу аркылуу түзүлгөнүнө байланыштуу, Россиянын көптөгөн шаарларында, анын ичинде Москва, Казань, Барнаул, Орел, Томск, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Псков, Пенза, Уфа жана башка шаарларында окуган студенттер кайтарылды.

2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 - Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу Мыйзамына ылайык, Элчилик учуп кеткендердин тизмесин алардын макулдугу жок жарыялай албай тургандыгын маалымдайт.

Элчилик Россия Федерациясынын аймагында турган студенттерден жана алардын ата-энелеринен коронавирустук пандемияга байланыштуу эл аралык жүргүнчү авиакаттамдардын токтотлушунан улам түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуу болууга чакырат.
Кыргызстанга кайтуучулардын тизмесине киргизүү өтүнүчү менен кайрылган жарандардын саны 7 миңден ашат. Мындан тышкары, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуган 4 миңге жакын кыргызстандык студенттер дагы Мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатышат. Бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүнчулук жок экенин туура түшүнүү керек. Ошол эле учурда, ар кандай категориялардагы кыргызстандыктарды, анын ичинде студенттерди Мекенине кайтаруу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.
“Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” маршруттары боюнча бир жумада эки авиакаттамдар пландаштырылууда. Ошондой эле, Россиянын региондорунан авиакаттамдарды уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы күндөрү Якутиядан жана Санкт-Петербургдан авиакаттамдарды уюштуруу пландаштырылууда.

2020-жылдын 20-мартынан тартып 18-июнуна чейин Россиядан Кыргызстанга 48 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан бүгүнкү күнгө 9 978 жарандар Кыргызстанга кайтты