Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги, Катар Поэзия Борбору менен биргеликте, сиздерди кыргыз тилинде өтүүчү Nazra аттуу сынагына катышууга чакырат

3970

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги, Катар Поэзия Борбору менен биргеликте, сиздерди кыргыз тилинде өтүүчү Nazra аттуу сынагына катышууга чакырат.

Аталган сынак Катар Поэзия Борборунун Инстаграм расмий баракчасында өткөрүлөт. Nazra сынагы 2021-жылдын 1-октябрынан 15-октябрына чейин болмокчу. Ал эми, ү.ж. 25-октябрында сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчү аныкталат. Сынактын темасы: “Алдыга максат коюңуз жана ага жетмейинче багынбаңыз”.

Жеңүүчү 5 миң катар риал өлчөмүндөгү байгеге ээ болот жана ошондой эле 2022-жылдын 21-мартында Катар Мамлекетинде өтө турган Эл аралык поэзия күнүнө катышууга жолдомо алат.

Андыктан, Катар жана Кыргызстандагы баардык жарандарыбызды жана акындарыбызды сынакка катышууга чакырабыз.

Катышуу шарттары: Катар Поэзия Борборунун Инстаграм расмий баракчасында (diwanalarab_qa) жайгаштырылган сынактын темасынын астына аталган теманы ыр (комментарий бөлүмүндө) түрүндө жазуу/улантуу керек. Ар кандай саясий, диндер аралык ж.б. үгүт-насааттар, талаш-тартыштар жана реклама берүүгө чектөөлөр бар. Жогорудагы сынакка Катарда жана Кыргызстанда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Катар Поэзия Борборунун Инстаграм расмий баракчасына (diwanalarab_qa) шилтеме: https://www.instagram.com/diwanalarab_qa/

Сынакка катышууга чакыруу видеосу

: