Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигинин түзүлгөндүгүнүн кыскача тарыхы жана кыргыз-тажик мамилелеринин кээ бир аспектилери

КРнын тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына: Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигинин түзүлгөндүгүнүн кыскача тарыхы жана кыргыз-тажик мамилелеринин кээ бир аспектилери. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигинин түзүлгөндүгүнө 75 жыл толот. Мына ушуга байланыштуу кыргыз дипломатиясынын калыптануусу жана өлкөбүздүн тышкы саясаты жөнүндөгү маалыматы менен бөлүшүүнү туура таптым.

1944-жылдын 1-февралында СССР дын Жогорку Кеңеши Союздук республикаларга тышкы мамилелер облусунда атайын укуктарды берүү жөнүндө тышкы иштер Элдик Комиссариатын жалпы союздук –республикалык элдик комиссариатка өткөрүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мына ушул мыйзамга ылайык 1944-жылдын 17-мартында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши Кыргыз ССРинин Союздук республикалык тышкы иштер Элдик Комиссариатын түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ушул күндөн тартып, 1944-жылы 17-март Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигинин түзүлгөн күнү деп эсептелет. Кыргыз ССРинин биринчи Тышкы иштер Элдик Комиссары болуп 1944-жылжын 31-июлунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Буйругу менен Казы Дикамбаев дайындалган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин тарыхы Казы Дикамбаевдин аты менен тыгыз байланышкан. Анын жетекчилиги алдында (1944-1949-ж) кыргыз дипломатиясына негиз салуучу биринчи документтер, биринчи чечимдер кабыл алынган. Бул убакта Кыргыз ССРинин тышкы иштер Элдик Комиссариаттынын көңүлүнүн чордонунда кадрларды даярдоо, консулдук жана уюштуруучулук-протоколдук иштер түптөлгөн.

Ошону менен бирге КРнын Тышкы иштер Министрлигинин ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп, КРнын тышкы саясат ведомствосун мындар ары төмөнкү министрлер жетектеп келди: Ш.Таянов-(1949-1953-ж), К.Кондучалова (1953-1963-ж), С.Бегматова (1963-1980-ж), Дж.Ташибекова (1980-1986-ж), Р.Отунбаева (1986-1989-ж., 1994-1997-ж.,2005-ж), Ж.Түменбаева (1989-1991-ж), М.Иманалиев (1991-1992-ж., 1997-2002-ж), Э.Карабаев (1992-1994-ж., 2007-2009-ж), А.Айтматов (2002-2005-ж), А.Джекшенкулов (2005-2007-ж), К.Сарбаев (2009-2010-ж), Р.Казакбаев (2010-2012-ж), Э.Абдылдаев (2012-2018-ж), Ч.Айдарбеков (2018-жылдан азыркы убакка чейин).

Алардын кесипкөйлүүлүгү жана туруктуулугу менен Тышкы иштер министрлигинин статусу кескин өзгөрдү, анын өз алданчалык мекеме катарындагы ролу көтөрүлдү. ТИМге чет тилдерин билген кесипкөй дипломаттарды тартуу башталган. Бул КРнын ТИМнин аппаратынын иштерине жана анын сапатына, жемиштүүлүгүнө оң таасир этти. Азыркы убакта КРнын тышкы саясат жана тышкы экономикалык кызыкчылыктарынын алга жылышында жана аны коргоодо КРнын Тышкы иштер министрлиги өтө маанилүү жана зарыл институту болуп калды. КРнын Тышкы иштер министрлиги улуттук кызыкчылыктарды туруктуу коргоо менен КРнын эл аралык аренадагы авторитетин бийик көтөрүп келүүдө. Жыл сайын 24-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин кесиптик майрамы майрамдалат. Бул майрам 21-октябрь 1998-жылы чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен белгиленген. Кыргызстандагы дипломатиялык кызматкерлердин мындай майрамы өлкөнүн тышкы экономикалык курсун жана тышкы саясатын реализациялоодо дипломатиялык кызматкерлердин ролун жогору жана маанилүү экенин белгилейт. Кыргызстандын диломатиялык кызматкерлеринин желкесинде жоопкерчилик жатат, башкача айтканда эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктырды сыймык менен алып жүрүү жана коргоо жоопкерчилиги, милдети турат.

Кыргызстандын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чаралар, адатта, дипломатиялык кызматкерлерди куттуктоо церемониясын жер жерлерде өткөрүү жана алдынкы кызматкерлерди сыйлоо салтанатын өз курамына алат.

1991-жылдын 31-августтундагы тарыхый окуя, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларация” –Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын фундаментин негиздеди. Себеби бул Декларация Кыргыз Республикасындагы тышкы саясатындагы биринчи укуктук документ болуу менен бирге, Кыргызстандын жалпы таанылган эл аралык укук прициптерин жана нормаларын толук колдой турганын жарыялады.

1991-жылдын декабрь айынын аяк ченинде Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, бир эле кезекте, дипломатиялык мамилелерди орноткон үч мамлекет тааныды. Алар: 24-декабрда Турция, 26-декабрда Австралия, 27-декабрь күнү Америка Кошмо Штаты.

Келээрки 1992-жылы Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелерди дүйнөнүн 59 мамлекети орнотту. (Азыркы учурда 100дөн ашуун өлкөлөр).

Айрыкча, жаш мамлекеттин калыптануусуна өзгөчө маанилүү болгону дипломатиялык мамиле орноткон өлкөлөрдүн арасында –Европалык Союздун бардык мүчөлөрү , Швецария, Россия, Кытай, Япония, Индия, Иран жана Түштүк Корея . Кыргыз Республикасынын алгачкы эгемендүүлүк жылдарында эл аралык мамилелеринин өнүгүүсүнүн маалилүү багыттары болуп, КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтык эсептелет. 1992-жылдын январь айынды Кыргызстан башка Борбордук Азия өлкөлөрүндөй эле ЕККУнун мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1992-жылдын 8-июлунда Кыргызстан ЕККУнун негиздөөчү документтерине кошулду. 1994-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасы тарабынан Париж Хартиясынын Европалык коопсуздугуна кол койду. 90-жылдардын биринчи жарымында Кыргызстандын тышкы саясатынын калыптанышында Европалык Биримдиги менен мамилелерди жүргүзүүсү чоң ролду ойноду. Кыргызстан менен Европа Биримдиги ортосундагы мамилелердин башталышы 1992-жылдын апрель айларына дал келет. 1992-жылдын 3-апрелинде Европалык комиссия жана Кыргыз Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган. Кыргыз Республикасы үчүн “Коллективдүү коопсуздук жөнүндөгү Келишим (1992-жыл) жана “Шаңхай бешилтиги” (1996-жыл) аймактык коопсуздукту камсыздоодо приципиалдуу мааниге ээ болду.

1992-жылдын 2-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында Кыргызстан бир добуштан бул авторитеттүү уюмга мүчө болуп кабыл алынган. БУУга мүчө болгондон тартып Кыргызстан бир катар тышкы саясий демилделерди көтөрүп чыкты. Алардын ичинде “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнү 2200 жылдыгын жана 2002-жылы эл аралык тоо жылын майрамдоо, Борбордук Азияда эл аралык коомчулук тарабынан радиациялык коркунучту жок кылуу маселеси, 2009-жылдан баштап Кыргызстандын демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк социалдык акыйкаттык күнү белгиленип келе жатат.

Кыргызстан БУУга терроризм, наркотрафик, гидроэнергетика, урандын калдыктарын сактоочу жайлар, экология жана башка социалдык маселелер менен кайрылды.

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары дүйнөлүк тынчтык акцияларына активдүү катышып келет.

1994-жылы биринчи Нагорный Карабахтагы согуштук чыр-чатак Бишкекте согуш отун токтотуу жөнүндөгү Келишимге ылыйык токтотулган. Бул Келишим Бишкек протоколу деп аталып калды. 1993-жылдан КМШ мамлекеттеринин башкы Кеңешинин чечими менен “Тажикстан Республикасынын Афганистан менен чектешкен мамлекеттик чек арасындагы участокторду стабилдештирүү боюнча чаралар жөнүндө” кыргызстандык тынчтык күчтөрү афган-тажик чек араларын коргошту. 1999-жылга чейин бул бирикме аркылуу 4 миңден ашуун кыргызстандыктар өтүштү. Кыргызстан бир канча жолу Бишкек шаарын Афганистан маселеси боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр өтүүчү аянтча катары сунуштаган. Бир маанилүү тарыхый факт жана кыргыз дипломатиясынын ошол учурдагы ролу жөнүндө эске сала кетейин. 1992-жылы Тажикстанда граждандык согуш башталган. Көптөгөн тажик атуулдары курман болгон жана миңдеген атуулдар болсо, качкындар болуп калышкан. Мына ушул согуштук чыр-чатак мезгилинде Москва, Тегеран, Алма-Ата, Ашхабат жана башка жерлерде өлкөнүн опозициясы менен тажик өкмөтүнүн ортосундагы проблемаларды чечүү үчүн эл аралык сүйлөшүүлөрдүн көпчүлүгү өз жемишин бере албады.

1996-жылы Тажикстанда тынчтыкты орнотуу үчүн Кыргызстан гарант болуп берүү маселеси менен кайрылып чыкты. Натыйжада Бишкекте бир канча өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен башкысы, кыргыз дипломатиясынын иш аракеттери менен тынчтык келишимине кол коюлду. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстан 60 миңден ашуун тажик-качкындарын кабыл алды. Алар Тажикстанга стабилдештирүү процесси бүткөндөн кийин кайра өз өлкөсүнө кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия регионундагы өлкөлөр менен эки жактуу мамилелерди өнүтүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мына ушул багытта мен кыргыз-тажик мамилелери жөнүндө өзүмдүн ойлорумду айткым келди. Эл аралык байланыштарга кыргыздар өткөн кылымдарды эле этияттык менен мамиле жасаган. Кыргыздар этникалык жактан жакын коңшу элдер менен туугандык жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулушкан. Айрыкча “Манас” эпосунда биринчи жолу кыргыз-тажик мамилелеринин жаралышынын башатын көрсөтүшкөн. “Манас” эпосунда бир нече окуялар кеңири иштелип чыккан. Алардын ичинен эң чоңу Манас баатырдын тажик кызы Санирабийгага үйлөнүүсү. Санирабийга турмушка чыккандан кийин ага “Каныкей” деген ат берилет. “Каныкей”- “хандын аялы” деген маанин түшүндүрөт.

Ошентип, биздин элдердин достугу тарыхта көп кылымдар бою тамырлап кетип, бизди кубандырган жалпы тарыхый тагдыр байланыштырып турат. Биздин элдердин ортосундагы мамилелердин тарыхы жөнүндө ойлонуп, мен кыргыз-тажик элдеринин өз ара мамилелеринин маданий жана руханий баалуулуктарынын жакындыгын өзгөчө баса белгилегим келет.

Мына ошондуктан, биздин элдердин достугу, мамилелери көптөгөн кылымдарды камтыйт. Биздин элдерди жалпы тарыхый тагдыр бириктирип, жакындатып, байланыштырып турат. Кыргыздар менен тажиктердин жалпы тарыхынын, маданий, руханий баалуулуктарынын жакындыгын өзгөчө баса белгилегим келет.

Биздин мамлекеттер эл аралык жана регионалдык мамилелер боюнча бирдей көз караштарды ээлеп келет. Кыргызстан-Тажикстан көп тараптуу регионалдык жана эл аралык уюмдарда бири-бирин колдоп келе жатышат.

Эки мамлекет тең КМШ, ЖККУ жана Шаңхай уюмунун кызматташтыгынын ишмердүүлүгүндө, Борбордук Азияда тынчтыкты камсыздоодо маанилүү орунду ээлеп келе жатышат. Биздин мамилелерибиздин көп кырдуулугун чагылдырган эки тараптуу мамилелердин көрүнүктүү келишимдик-укуктук базасы калыптануу менен регулярдуу түрдө саясий диолог өткөрүп келе жатат. Саясий байланыштар мамлекет башчыларынын, премьер- министрлер, тышкы иштер министрлеринин, министрликтер жана мекемелердин жетекчилеринин деңгээлинде колдоого алынган.

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктар жаратылыш, суу-энергетикалык, транспорттук коммуникациялык ошондой эле транзиттик мүмкүнчүлүктөр мамлекеттерибиздин ортосундагы өнүгүүнүсү бирге аракеттенүү менен ишке ашууда. Азыркы учурда эки тарап кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин татаал бөлүктөрүн чечүү үстүндө активдүү иштеп келе жатышат. Чек ара маселесин бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен чечүүнү тездетүү керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү бир гана эки коңшулаш өлкөлөрдүн коопсуздугу эле эмес бүтүндөй аймактын тынчтыгы болот деп эсептейм.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында мамлекет башчыларынын биринчи жолу кыргыз-тажик чек арасында жолугушуусунун болгонун белгилеп кетким келет.

Андан кийин КРнын Президенти С.Жээнбековдун Исфара шаарына болгон жумушчу сапары жана Тажик Республикасынын Презинденти Э.Рахмондун Чолпон-Ата шаарында болгон жумушчу сапарлары ишке ашты. Президенттер жолугушуу учурунда натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бирге, кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери кеңири талкууланды. Өзгөчө көңүл мамлекеттик чек араны делимитациялоого байланышкан маселелерге бурулду. Бул жолугушуу тарыхый жактан чоң мааниге ээ болду деп ойлойм жана кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн активдешүүсүнө жаңы дем берди деп терең ишенем.

Жогорку деңгээлдеги регулярдуу саясий сүйлөшүүлөр эки коңшулаш, боордош өлкөлөрдүн мамилелеринин өнүгүүсүнө жаңы мейкиндиктерди ачып, өз ара пайдалуу мамилелердин жаңы бийиктиктерине көтөрүлүшүнө жардам берет.

Сөзүмдү аяктап жатып, биздин өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин өнүктүрүү багытындагы байланыштарды мындан ары күчөтүү, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу –бүгүнкү күндүн башкы милдеттери экендигин өзгөчө белгилейм. Мына ошондуктан өз ара мамилелерди бардык чөйрөлөрдө мындан ары өркүндөтүү маселеси кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн башкы негизи болуп калууда.

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков