Кат жолдоо

 КР Тышкы иштер министрлигине кат жолдоо тууралуу:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Тышкы иштер министринин атына кат жолдоодо жарандын толук аты жөнү, жашаган дареги, почта/электрондук даректери жана маселенин толук, так мазмуну жазылышы талап кылынат. Кат, почта, факс, электрондук почта менен же болбосо кабылдамадагы кызматкерге жолугушуу учурунда жеке тапшырылат (дарек: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57).

ТИМдин дарегине кат жолдоодо төмөнкү маалыматтарды эске алыныз.

1.Кайрылуулар кароого кабыл алынбайт, эгер:

- кайрылуу КР ТИМге жана Тышкы иштер министринин атына даректелбесе;

-кайрылууда толук даректер көрсөтүлбөсө;

- кайрылууда адепсиз жана кордогон сөздөр камтылса;

-кайрылуунун тексти окуганга жатпаса;

-кайрылууда конкреттүү арыз, сунуштар, даттануулар камтылбаса;

2. Электрондук кайрылуулар көлөмдүү файлдарды камтышы мүмкүн. Чоң көлөмдүү тексттер, документтин көчүрмөлөрү, сүрөттөр жана башка тиркемелери менен бирге почта аркылуу 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 57, ТИМ коомдук кабылдамага жөнөтүңүз;

3. Кайрылууларга жооптор почта/электрондук дарек аркылуу көрсөтүлгөн даректерге жиберилет.

4. Кайрылуулардын авторлорунун персоналдык даректери боюнча маалыматтар,  КР Мыйзамдарынын  талаптары боюнча иштелип чыгат жана сакталат.