COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен өлкөлөргө баруу боюнча айрым чет мамлекеттердин талаптары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен өлкөлөргө баруу боюнча айрым чет мамлекеттердин талаптары жөнүндө маалымдайт.

Франция Республикасы – өлкөдө уруксат берилген (Pfizer, Moderna, AstraZeneca, Johnson&Johnson) вакциналардын биринен толук вакцинация алган ар бир жаран чектөөсүз, анын ичинде ПЦР-тестирлөөнүн терс натыйжасын көрсөтүүсүз Францияга бара алат. Кыргыз Республикасы COVID-19 менен ооругандыгы боюнча өлкөлөрдүн «сары» тизмесине кирет. Жогоруда аталган вакциналардын бирин да албаган, өлкөлөрдүн ушул тизмесиндеги жарандын баруусу үчүн өтө кескин негиз болгон учурда гана ал Францияга бара алат. Мында, 12де жана андан улуу курактагы, «сары» тизмедеги өлкөлөрдүн жараны учууга чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган ПЦР-тестирлөөнүн терс натыйжасын же учууга чейин 48 сааттан аз убакта жасалган терс антигендик тестти көрсөтүүгө тийиш.

Малайзия – чет өлкө жарандарынын келишине чектөөлөр иштейт. Өлкөгө баруу үчүн Малайзиянын иммиграциялык кызматынан уруксат алуусу зарыл. Өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган терс ПЦР-тестирлөөнү берүүсү, ошондой эле кайрадан ПЦР-тестирлөөдөн өтүүсү зарыл. Атайын бөлүнүп коюлган жерден милдеттүү карантинден өтүү зарылдыгы бар.

Таиланд - өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган ПЦР-тестти жана толук вакцинациясы жөнүндө сертификатты берүүсү зарыл. Аны менен бирге Таиландга баруучу чет өлкө жараны аэропортто ПЦР-тестирлөөдөн өтүүгө жана отелде бир түн түнөөгө тийиш. Келгенден кийин 5-күнү чет өлкө жараны антигенге карата 2-тестирлөөдөн өтүүгө тийиш.

Индонезия –толук вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты англис тилинде берүүсү зарыл. Бардык чет өлкө жарандары PeduliLindungi тиркемесине жүктөөгө жана ден соолугунун абалы (анын HAC) жөнүндө электрондук карточканы толтурууга тийиш. Толтурулган онлайн-формасы өлкөгө келери менен берилүүгө тийиш.

Катар Мамлекети - чет өлкө жараны Катарга келгенге чейин тиешелүү милдеттенме-формага кол коюуга тийиш, ал Катар Мамлекетинин Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында (http://covid19.moph.gov.qa/EN/travel-and-return-policy-Pages/default.aspx) турат. Ошондой эле алдын ала каттоо (www.ehteraz.gov.qa) платформасы аркылуу катталуусу жана өлкөгө келгенге чейинки 3 күндөн аз убактагы зарыл документтерди (ПЦР-тестти (48 саат), вакцинацияланганы (Pfizer, Moderna, AstraZeneca, Johnson&Johnson) жөнүндө сертификатты жана башкаларды.) жүктөөсү керек. Вакцинациясы жок болгон учурда чет өлкө жараны 5 күндүк карантинден өтөт.

Бельгия Королдугу – өлкөгө баруу чектелген жана тиешелүү негиздер боюнча барууга мүмкүн. Эгерде негизи болгон учурда аккредиттелген Бельгия Элчилигинин уруксат-каты, ошондой эле өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган терс ПЦР-тестин берүүсү талап кылынат. Мында, Европа Биримдигинин бири тарабынан жактырылган вакциналардын (Pfizer, Moderna, AstraZeneca, Johnson&Johnson) бири менен толук вакцинациясы болгондо, кошумча негиздерисиз Бельгияга барууга уруксат берилет.

Түркия Республикасы - чет өлкө жараны 6 жашка чейинки балдардан сырткары (анкетага шилтеме: http://register.health.gov.tr) HES-коду менен анкетаны алдын ала толтурууга; толук вакцинацияланганы (ДСУ тарабынан жактырылган бардык вакциналар кабыл алынат) жөнүндө сертификатты же өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган ПЦР-тестти берүүгө тийиш.

Бириккен Араб Эмираты - өлкөгө барууда терс ПЦР-тестти (англис тилинде) берүүсү зарыл. 12 жаштан кичүү балдар жана медициналык бошотуусу бар адамдар ПЦР-тест тапшырууга милдеттүү эмес. Ошондой эле өлкөгө келээри менен, кошумча ПЦР-тест берүүсү зарыл.

Пакистан Ислам Республикасы - толук вакцинациясы болгон учурда ПЦР-тесттин кереги болбойт. Мында, вакцинациясы болбогон учурда өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган терс ПЦР-тестти (12 жаштан кичүү балдар ПЦР-тестти же вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты берүүдөн бошотулат) берүүсү зарыл. Вакцинасы жок өлкөгө келүүчү 12 жаштан 18 жашка чейинки курактагылар үчүн өлкөгө келүү 2022-жылдын 31-мартына чейин гана уруксат берилген. Андан тышкары вакцина албаган жаран келгенден кийин ПЦР-тесттин бар экенине карабастан, RAT тест берүүгө милдеттүү.

Америка Кошмо Штаттары - өлкөгө баруу үчүн 18 жаштан улуу жарандарга COVID-19дан вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты берүүсү зарыл. Мында вакцина (Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson) АКШда жактырылууга тийиш. 2-17ге чейинки жарандарга ПЦР-тестирлөөнүн терс натыйжасын берүүсү зарыл. Тест менен вакцинадан 2жашка чейинки балдар гана бошотулган.

Италия Республикасы - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн баруу өзгөчө (жумуш, дарылануу, окуу, өзгөчө шашылыш жана д.б.) себептер болгондо гана уруксат берилген. Туризм максатында барууга тыюу салынган. Мында, ПЦР-тесттин (72 саат) терс натыйжасынын же антигендик тесттинин (48 саат) «dPLF» (http://app.eupls.eu/) электрондук формасын берүүсү зарыл, ошондой эле жаран «dPLF»де көрсөтүлгөн дарек боюнча 10 күндүк оолактоодон өтүүгө тийиш.

Улуу Британия – өлкөдө жактырылган вакциналардын (жактырылган вакциалар Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca, Sinovac, Sinopharm Beijing, Covaxin) биринен толук вакцинацияланганы жөнүндө сертификаты бар чет мамлекетинин жараны учуу алдында, ошондой эле өлкөгө келгенден кийин ПЦР-тести бербесе болот. Баруу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жүргүнчү анкетаны (Passenger Locator Form) толтуруусу зарыл. Мында, өлкөдө таанылбаган вакцина менен вакцинацияланган жүргүнчүлөр же вакцинацияланбаган жүргүнчүлөр бул өлкөгө учканга чейин ПЦР-тест бергенин жана келгендин 2-күнү ПЦР-тест бергенин Passenger Locator Form дегенге толтурууга тийиш (тестти брондоо жана Улуубритания Өкмөтүнүн расмий сайтына төлөө зарыл). Терс натыйжа болгон учурда келгенден кийинки өзүн өзү оолактатуу жокко чыгарылат.

Түркмөнстан Республикасы - Кыргыз Республикасынын жарандарын кошо алганда, Түркмөнстанга чет өлкө жарандарынын баруусу жөнүндө чечимди Түркмөнстандын Оорулардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Өзгөчө комиссиясы кабыл алат. Чет өлкө жарандарынын кайрылуусу Түркмөнстандын дипломатиялык жана консулдук мекемесине берилет. Өлкөнүн аймагына кирүүдө чет өлкө жараны COVID-19га каршы вакцинацияланганы жөнүндө сертификаттын (вакцинациядан өткөндүгү жөнүндө документ 1 доза вакцина алгандан кийин 42 күндүн ичине жарактуу деп эсептелет) же COVID-19га антителдин (IgM и IgG) бар экендигине маалымкаты, ошондой эле терс натыйжасы менен COVID-19га ПЦР-тестирлөөдөн өткөндүгү тууралуу (48 сааттан кеч эмес, берилгендигинин датасы жана убактысы көрсөтүлүүгө тийиш) маалымкаты болууга тийиш. Бул өлкөгө келгенден кийин кайтадан ПЦР-тест берет, терс натыйжа болгон учурда атайын карантиндик мекемеде милдеттүү 21 күндүк карантинден өтүү шарты менен өлкөгө кирүүгө уруксат берилет. Карантинден өткөндөн жана терс ПЦР-тести тастыкталгандан кийин чет өлкө жараны коё берилиши жана өлкөнүн аймагында ээн-эркин жүрүшү мүмкүн.

Болгария Республикасы - COVID-19га каршы вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты (акыркы эмдөө болгон учур 14 күндөн ашпоого тийиш) же ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын берген учурда бул өлкөгө барууга мүмкүн болот.

Молдовия Республикасы - COVID-19га каршы вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты (акыркы эмдөө болгон учур 14 күндөн ашпоого тийиш) же экспресс-тест, же болбосо 48 сааттан жана ага ылайык өлкөгө барганга чейин 72 сааттан ашпаган убакта берилген ПЦР-тестти берген учурда өлкөгө барууга мүмкүн болот.

Румыния – өлкөгө баруу үчүн COVID-19га каршы толук вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты жана өлкөгө барганга чейин 48 саат ичинде берилген ПЦР-тестти берүүсү зарыл. Ошондой эле http://plf.gov.ro сайтына электрондук форманы толтуруусу зарыл.

Швейцария Конфедерациясы - өлкөдө жактырылган вакциналардын (Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca) биринен толук вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты берүү зарыл.

Япония – өлкөгө барууга олуттуу себептер боюнча гана уруксат берилген. Туризм максатында барууга убактылуу тыюу салынган. Барууга болбой турган толук тизмени төмөнкү сайттан таанышууга болот  http://www.mofa.go.jp/ca/fna/page4e_001053.html#section11. Өлкөгө келери менен өлкөгө келгенге чейин 72 сааттын ичинде берилген терс ПЦР-тесттин натыйжасын берүүсү зарыл. Мында, келген жаран атайын бөлүнгөн мекемеде 3 күн карантинден өтүүгө тийиш, ал эми 3-күнү COVID-19га тест жүргүзүлөт. Терс натыйжа болгон учурда ал жаран 4 күндүк үй карантинине жөнөтүлөт. Ошондой эле өлкөгө келгенге чейин карантиндик онлайн анкетаны (http://arqs-qa.followup.mhlw.go.jp/#/) толтуруусу зарыл.

Жаңы Зеландия - өлкөгө барууга олуттуу себептер боюнча гана уруксат берилген. Туризм максатында барууга убактылуу тыюу салынган. Таанылган вакцинаны пайдалануу менен (акыркы доза келгенге чейин 14 күндөн ашпаган убакта алынууга тийиш) COVID-19га каршы толук вакцинацияланганы жөнүндө эл аралык колдонулган сертификатты көрсөтүү зарыл. Мында, келери менен өлкөгө келгенге чейин 48 сааттын ичинде берилген терс ПЦР-тесттин натыйжасын берүүсү да зарыл. Өлкөгө барууда COVID-19га тест берилет жана мамлекеттик мекемеде 10 күн бою оолактануу талап кылынат, андан кийин 3 күнгө үй карантини болот («Карантин тутумунда» катталуусу зарыл).

Австралия – белгилүү категориядагы толук эмделген жарандар үчүн барууга уруксат берилген. Бара турган чет өлкө жараны таанылган вакцинаны пайдалануу менен (акыркы доза келгенге чейин 7 күндөн ашпаган убакта алынууга тийиш) COVID-19га каршы толук вакцинацияланганыы жөнүндө эл аралык колдонулган сертификатты көрсөтүүгө тийиш. Мында өлкөгө келгенге чейин 72 сааттын ичинде берилген терс ПЦР-тесттин натыйжасын берүүсү зарыл. Ар бир штатта алардын өздөрүнүн карантиндик талаптары болорун эске алуу шарт. Аны менен бирге учууга чейин 72 сааттын ичинде толтурулган «санариптик жүргүнчү декларациясы» (http://dpd.homeaffairs.gov.au) талап кылынат.

Филиппин – сапарчылардын айрым категорияларына уруксат берилген. Толук ваксинасы жок туристик максатта барууга тыюу салынган. Бара турган чет өлкө жараны таанылган вакцинаны пайдалануу менен (акыркы доза келгенге чейин 14 күндөн ашпаган убакта алынууга тийиш) COVID-19га каршы толук вакцинацияланганы жөнүндө эл аралык колдонулган сертификатты көрсөтүүгө тийиш. Мында, өлкөгө келгенге чейин 48 сааттын ичинде берилген терс ПЦР-тесттин натыйжасын келери менен берүүсү да зарыл. Невакцинацияланбаган сапарчылар өлкөгө келери менен 14 күндүк карантинден өтүүгө тийиш. Чет мамлекеттин жараны өлкөгө учканга чейин «eCIF» (http://dashlabs.app/laboratories/607a41404d14dc68461eb3be/form)/ форманы үч күн алдын толтурууга тийиш.

Беларусь Республикасы – өлкөгө баруу үчүн COVID-19га каршы толук вакцинацияланганы (вакцинациянын курсу өлкөгө келгенге чейин 1 айдан 12 айга чейинки мөөнөттө аяктоого тийиш) жөнүндө сертификатты берүүсү же болбосо ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын берүүсү зарыл.

Латвия Республикасы – өлкөгө баруу үчүн COVID-19га каршы толук вакцинацияланганы (Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca вакциналары жактырылды) жөнүндө сертификатты берүүсү же болбосо ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын берүүсү зарыл.

Литвия Республикасы – өлкөгө баруу үчүн COVID-19га каршы толук вакцинацияланганы (Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca вакциналары жактырылды) жөнүндө сертификатты берүүсү же болбосо ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын берүүсү зарыл. Вакцинацияланганы жөнүндө сертификат ЕБ өлкөлөрүнүн биринин расмий тилинде берилүүгө тийиш.

Эстония Республикасы – өлкөгө баруу үчүн COVID-19га каршы толук вакцинацияланганы (Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca вакциналары жактырылды) жөнүндө сертификатты берүүсү же болбосо өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын берүүсү зарыл.

Россия Федерациясы – ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына «COVID-19суз сапар тарт» тиркемеси аркылуу ПЦР-тестирлөөнүн (48 саат) терс натыйжасынын бар экенин тастыктоосу зарыл.

Армения Республикасы – бул өлкөгө баруусу толук вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты же өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта жасалган ПЦР-тесттин натыйжасын берген учурда мүмкүн болот.

Финляндия Республикасы – бул өлкөгө баруусу ДСУ тарабынан жактырылган вакцина менен COVID-19дан толук вакцинацияланганы (вакцинациянын толук курсу өлкөгө келгенге чейин 7 күндөн ашпаган убакта алынууга тийиш) жөнүндө сертификатты жана өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта берилген терс ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын берген учурда мүмкүн (документтер фин, англис же швед тилдеринде берилүүгө тийиш) болот.

Греция Республикасы - бул өлкөгө баруу үчүн өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта COVID-19га карата берилген ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын же өлкөгө келгенге чейин 24 сааттын ичиндеги терс экспресс-тестти берүүсү зарыл. Мында, келээри менен кайрадан COVID-19га карата ПЦР-тестирлөөдөн өтүүсү зарыл.

Хорватия - бул өлкөгө баруу үчүн өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта COVID-19га карата берилген ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын же өлкөдө таанылган вакциналардын бирин пайдалануу менен (акыркы эмдөөдөн кийинки учур 14 күндөн ашпоого тийиш) вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты берүүсү зарыл.

Босния жана Герцеговина - бул өлкөгө баруу үчүн өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта COVID-19га карата берилген ПЦР-тестирлөөнүн натыйжасын же өлкөдө таанылган вакциналардын бирин пайдалануу менен (акыркы эмдөөдөн кийинки учур 14 күндөн ашпоого тийиш) вакцинацияланганы жөнүндө сертификатты берүүсү зарыл.

Казакстан Республикасы – өлкөгө келип жатканда чет өлкө жараны термометрден өтөт, анкета толтурулат жана өлкөгө келгенге чейин 72 саатка жетпеген убакта COVID-19га карата жасалган ПЦР-тесттен өткөндүгү жөнүндө маалымкат берүүгө милдеттүү. Бүгүнкү күндө чет мамлекеттердин жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары кошумча негиздерди көрсөтпөстөн авиарейстер менен бара алат.

Аны менен бирге бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын вакцинациясы жөнүндөгү сертификаты 14 чет мамлекет (Түркмөнстан, Түркия Республикасы, Казакстан Республикасы, Грузия Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы (шарттуу), Монголия, Парагвай, Иран Ислам Республикасы, Ирак Республикасы, Индия Республикасы, Нидерланддар (шарттуу), Бельгия Королдугу (шарттуу), Катар Мамлекети) тарабынан же шарттуу (өлкөдө жактырылган вакцина менен вакцинацияланган шартында) таанылган.

Эпидемиологиялык кырдаалда чет мамлекеттерге баруу эрежеси дайыма өзгөрүп турарын өзгөчө белгилесек болот.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары кандайдыр бир чет мамлекетке Кыргыз Республикасынан баруусунда тиешелүү өлкөгө баруу жана ал жерге келгенден кийинки эрежелери менен тыкыр таанышуусу зарыл.