2019-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахмановдун жана Индия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Шарманын деңгээлинде кыргыз-индия ТИМдер аралык саясий консультациялары болуп өттү

2019-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахмановдун жана Индия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Шарманын деңгээлинде кыргыз-индия ТИМдер аралык саясий консультациялары болуп өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин, ошондой эле ШКУнун алкагында Кыргыз Республикасында өтө турган иш-чараларга индия тарабынын катышуусун талкуулашты.2019-жылы Индиянын Премьер-министринин Кыргыз Республикасына боло турган расмий иш сапарын толук талкуулашты.

Тараптар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу зарылчылыгы жөнүндө макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK