Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов, Ташкент шаарынын Хокими жана Олий Мажлистин Сенаторы Джахонгир Артыкходжаев менен жолугушту

2019-жылдын 29-апрелинде Ташкент шаарында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов, Ташкент шаарынын Хокими жана Олий Мажлистин Сенаторы Джахонгир Артыкходжаев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын кызматташуусунун чыңалуусу белгиленди. Андан тышкары  2017 жылдын 5 сентябрдагы “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарынын Хокимиятынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу” боюнча тажрыйба алмашуу максатында, тараптардын ортосундагы маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK