2019-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов жана Элчиликтин кызматкерлери Москва шаарындагы кыргыз мюзикл жанрындагы көркөм тасмасы “Дарак ыры” көрсөтүү премьерасына катышты

2019-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов жана Элчиликтин кызматкерлери Москва шаарындагы жана Россиянын эң мыкты делген “Октябрь” кинотеатрында Совет мезгилинен кийин биринчи жолу расмий түрдө биринчи кыргыз мюзикл жанрындагы көркөм тасмасы “Дарак ыры” көрсөтүү премьерасына катышты. Тасманы кыргыз режиссеру А.Дайырбеков жана продюссери Т.Дайырбекова россиялык өнөктөштөрү А.Епифанов жана Т. Петрик менен биргелешип жаратышкан.

Тасманын салтанаттуу көрсөтүүнүн ачылышында Элчи А.Джекшенкулов кино сүйүүчүлөрдү салтанаттуу көрсөтүү менен куттуктап, мындай тарыхый, элдик фольклордун негизинде тасма жараткан кыргыз режиссерлордун чыгармалары аркылуу москвалыктар жана жалпы дүйнөлүк кино сүйүүчүлөр, ошондой эле жалпы дүйнө кыргыз маданиятынын тарыхый баалуулуктары, мурастары менен таанышууда деп белгиледи.

Элчи Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жылдарынан бери азыркы кезде кыргыз киносу совет мезгилиндеги “кыргыз керемети” атына кайрадан кайрылуу, жаңыртуу аракеттери жасалып жаткандыгы, аны бүгүнкү жаңы жанрдагы жаралган тасма, анын эл аралык кино фестивалдарда татыктуу болгон сыйлыктары далилдейт деп билдирип кетти.

А.Джекшенкулов эки элдин руханий мамилелеринин бекемдөөсүнө, кыргыз элинин маданий мурастарын сактоосуна көмөкчү болгон бул чыгарманы жаратуучу кыргыз кинематографиясынын жаш муундары Айбек жана Толкун Дайырбековдорго таазим этүү менен россиялык маданий өнөктөштөр продюссерлер А.Епифанов жана Т. Петрик, ошондой эле башкы ролдорду аткарган О.Израилов жана С.Бакаеваларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз тасмасынын алгачкы көрсөтүүсүнө москвалыктар, москвалык чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, кыргызстандык мекендештер, кыргыз коомдук уюмдарынын активист, лидерлери, москвалык жогорку окуу жайында билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер, Евразия элдеринин ассамблеясынын, Россия элдеринин Ассамблеясынын өкүлдөрү жана Элчиликтин достору көрүүчү болушту.

Сүйүү, кыргыздын кооз жаратылышын, каада-салт темасын камтып, көрүүчүгө руханий байлык берүүгө арналган тарыхый мюзикл жана кино дастанды  залдагы көрүүчүлөр толкундануу, эмоциялар менен, абдан жогорку деңгээлде кабыл алышты. Көрсөтүүнүн аягында көркөм тасма-мюзиклдин жаратуучулары менен баарлашуу болуп, көрүүчүлөр кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK