Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Т.К.Султанов жана У.Ы.Дыйканбаевдин жаны орундарга дайындалганы жөнүндө маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КР ТИМдин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Буйругу менен дайындалган “Кыргыздипсервис” Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын жаңы Башкы директорун – Султанов Талант Кушчубаевичти тааныштырды.

Султанов Т.К. буга чейин КР Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер департаментинин Директору кызматын аркалап келген.

Ошондой эле министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Маалымат департаментинин жаңы Директорун-КР ТИМдин расмий өкүлүн - Дыйканбаев Уланбек Ыдырысовичти тааныштырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK