2019-жылдын 22-майында Жааматтык коопсуздук келишим жөнүндө уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны өз ишин баштады

2019-жылдын 22-майында Жааматтык коопсуздук келишим жөнүндө уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны өз ишин баштады.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгынын астында өтөт.

Азыркы учурда жолугушуу тар курамда өтүүдө, андан кийин иш кеңейтилген форматта улантылат. Жыйында эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун жана эл аралык аренада  ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландалууда.

Жолугушууга Армениянын Тышкы иштер министри  З.Мнацакаян, Казакстандын Тышкы иштер министри   Б.Атамкулов, Россиянын Тышкы иштер министри  С.Лавров, Тажикстандын  Тышкы иштер министри С.Мухриддин  жана Беларуссиянын Тышкы иштер министринин орун басары  А.Дапкюнас катышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK