Министр Чыңгыз Айдарбековдун Индиянын экс - Тышкы иштер министри Сушма Сварадж айым менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

2019-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Индиянын экс - Тышкы иштер министри Сушма Сварадж айым менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Маектин жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков  С.Сварадж айымга, анын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыккан Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Маектин аягында Министр Ч.Айдарбеков С.Сварадж айымга бекем ден соолук жана зор ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK