Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Харлов менен жолугушту

2021-жылдын 8-июнунда, Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Харлов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус аймактар ​​аралык байланыштары, анын ичинде соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Россиянын Урал федералдык округунда убактылуу жашап/иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын маселелерине көңүл бурулду.

Р.Бийбосунов Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө чет элдик консулдук мекемелердин башчыларына Курган облусуна сапар уюштуруп,  аймактын өнөр жай, экономикалык жана инвестициялык потенциалы менен тааныштыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK