Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 1-июлундагы маалыматтык билдирүүсү

Коронавирус инфекциясы кирүүнүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча аракеттердин алгоритимине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө анализ алынгандан баштап 72 сааттык ПЧР–тесттин жыйынтыгын же, алтернатива катары, коронавирус инфекциясына(COVID-19) каршы вакцина алынгандыгы туралуу сертификаттарды көрсөтүү зарыл. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бүгүнкү күндө төмөндөгү мамлекеттерде вакцина алынгандыгы тууралуу берилген сертификаттар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тааныла тургандыгын маалымдайт:

1. Америка Кошмо Штаттары

2. Бириккен Араб Эмираттары

3. Венгрия

4. Германия Федеративдик Республикасы

5. Грузия

6. Европа Биримдиги (Бельгия, Брюссель шаарындагы Уюмдун медицина кызматы тарабынан берилген сертификат

7. Израиль Мамлекети  

8. Казакстан Республикасы

9. Катар Мамлекети

10. Корея Республикасы

11. Өзбекстан Республикасы

12. Польша Республикасы

13. Россися Федерациясы

14. Румыния

15. Сан–Марино Республикасы

16. Сауд Аравия Королдугу

17. Түрк Республикасы

18. Улуу Британия

19. Франция Республикасы

20. Швейцария Конфедерациясы

Ошону менен бирге, Министрлик башка чет өлкөлөрдүн сертификаттарын таанылганга жараша жогорудагы тизменин өзгөүү мүмкүнчүлүгүн белгилейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK