Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров башында турган кыргыз делегациясы Ташкент шаарында өтүп жаткан «Борбордук жана Түштүк Азия: Регионалдык өз ара байланыш. Чакырыктар жана Мүмкүнчүлүктөр» аттуу Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциясынын ишинде катышууда

2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов «Борбордук жана Түштүк Азия: Регионалдык өз ара байланыш. Чакырыктар жана Мүмкүнчүлүктөр» аттуу Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциясынын ишинде катышууда.

Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Афганстандын Президенти Ашраф Гани, Пакистандын Премьер-министри Имран Хан, Борбор Азиянын, Россиянын, Кытай Эл Республикасынын Азербайжандын, Беларуссиянын, Сауд Аравия Королдугунун жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин, ошондой эле БУУ, КМШ, ЭКО, ТМКК, ШКУ, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференция, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, ЕБ, БУУнун билим берүү, илимий жана маданий уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын башчылары катышууда.

Жогорку деңгээлдеги Эл аралык конференциянын максаты - транспорттук жана логистикалык, энергетика, соода, өндүрүш, инвестиция, технологиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө «Борбордук Азия - Түштүк Азия» өз ара пайдалуу стратегиялык байланыш моделин көп тараптуу талкуулоо үчүн саясий жана эксперттик аянтчаны түзүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK