Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Баарыбыздын башыбызды бириктирген бул ыйык майрам кыйын мезгилде дартыбызга даба болуп, бейкуттук алып келүүсүн каалоо менен өлкөмдүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздин саламаттыгыңызды жана бейкуттугуңузду, ошондой эле боордош кыргыз элинин бакубатчылыгын, амандыгын жана тынчтыгын жараткан Алладан тилейм», — деп айтылат Түркия Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK