Кувейттин мураскор ханзаадасы Мишал аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах Президент Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

Кувейт Мамлекетинин мураскор ханзаадасы Мишал аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Берекелүү Курман айт майрамын жалпы ислам дүйнөсү белгилеп жатканда, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз. Жараткан Аллах Тааладан бул майрам боордош Кыргыз Республикасына жана анын элине гүлдөп-өнүгүү, ал эми мусулман үммөттөрүнө тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келүүсүн суранам», - деп айтылат куттуктоодо.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK