КРдин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КР ТИМ Борбордук Аппаратынын жамаатына Төртүнчү жана Биринчи саясий департаменттеринин жаңы дайындалган директорун тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Айтбаевич Казакбаев КР ТИМ Борбордук Аппаратынын жамаатына Төртүнчү саясий департаментинин жаңы дайындалган директору Абдуразаков Авазбек Ишенбаевичти тааныштырды. Абдуразаков А.И. мурун Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин кызмат ордун ээлеп турган.

Ошондой эле Борбордук Аппараттын жамаатына Биринчи саясий департаменттин жаңы директору – Омуркулова Айдай Муктарбековна да тааныштырылды, ал мурун директордун орун басарынын кызмат ордун ээлеп келген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK