Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, иш сапары менен Түркмөнбашы (Түркмөнстан) шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарынын эл аралык аэропортуна келип конуп, аны траптан Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Эл аралык аба майданында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, килемчелер төшөлгөн.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат жана мүчө-мамлекеттердин президенттери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK