Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва ш. резиденциясы менен Исландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аурни Тор Сигурдссон менен жолугушту

2021-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москва ш. резиденциясы менен Исландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аурни Тор Сигурдссон менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Исландиянын Элчиси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Исландиянын Элчисин Кыргыз Республикасындагы Элчи катары ишмердигинин башталышы менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.

Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы менен Исландиянын ортосунда кызматташуу үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилеп, Исландиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси А.Т.Сигурдссондун аккредитациясы өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Исландиялык тарабына эки тараптуу мамилелерди активдештирүү үчүн Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү, жогорку деңгээлде өз ара иш сапарларын уюштурууну мүмкүнчүлүгүн кароосунун сунуш берилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Исландиянын ортосундагы эки тараптуу укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Буга байланыштуу инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, айыл чарба, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана спорт жаатында эки өлкөнүн ортосундагы негизги келишимдердин долбоорлору Исландиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Аурни Тор Сигурдссонун кароого берилди.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти. Исландия тарабына гидроэнергетикалык ресурстарды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгүн кароосун сунушталды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУ институттарынын алкагында көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK