Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусу аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Ушул жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусу аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Дөөлөт Сыдыковдун «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүү үчүн алты күн бою "Манас" эпосун үзгүлтүксүз айтты.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Россиядагы кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата уюштурулду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги "Манас" эпосун угуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берди.

Мындан тышкары, манас таануучу Ж.Орозбекова Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин 2-курсунун студенттери үчүн эпостун пайда болуу тарыхы боюнча лекцияларды окуду.

Өз кезегинде манасчы Дөөлөт Сыдыков бул иш-чараны Москвада өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн Элчиликке жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Учурда "Гиннестин рекорддор китебине" кирүү маселеси иштеп чыгуу стадиясында турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK