Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды

Ушул жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

Ошондой эле тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын уюштуруунун тиешелүү маселелерин талкуулашты (Ушул жылдын 16-17-сентябрында, Душанбе ш.).

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргелешип күрөшүү багытына өзгөчө көңүл бурулду. Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэнь КЭРдин СУАР Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына 1500 тонна буудай, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү чечими тууралуу маалымат берди.

Бул контекстте Министр Р.Казакбаев КЭРдин Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө дайыма көрсөткөн колдоосуна жана кезектеги гуманитардык жардам берүү чечимине ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлде активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK